ВИДЕО — Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов президентти тарыхый көргөзмөгө чакырды. Келээр бекен?..

ВИДЕО — Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов президентти тарыхый көргөзмөгө чакырды. Келээр бекен?..

Музейге коюлган жана коюлчу шедевр сүрөттөр…

Асан байкени тааныбаган кыргыз жокко дейм. Баарыбыз билгендей, бул киши түркүн боектор дүйнөсүндө жашап, ошол ааламдан керемет табылгаларды таап, элге тартуулап келет. Алсак, улуттун улуу өнөрү Манас дүйнөсүнө өзгөчө сүӊгүп кирип, боектор менен сүйлөтүп, башка да философиясы тереӊ керемет сүрөттөрдү жаратып, канча бир залкарлардын бир учурдагы элестерин портрет кылып тарткан жана тартып келаткан белгилүү сүрөтчү, С.Чокморов жана Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Асан Турсункуловдун кезектеги көргөзмөсү, буйруса, 12-ноябрда өткөнү турат. Иш-чара Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусствосу музейинде саат 11:00дө башталат.

Эми, айта берсек, узак кеп. Андыктан алдыда максат кылынган көргөзмө кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт, ал тууралуу агабыздын өз оозунан угуп коюӊуз, окурманым…

Баса белгилей кетчү нерсе, Нарын шаарында ачылган көргөзмөгө былтыр учурда арабызда жок 8 атактуу адамдын портрети кошулган. Алар: Табылды Эгембердиев, Мелис Эшимканов, Белек Жумабаев, Адыл Сайдинов, Майра Керим кызы, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Уланбек Эгизбаев. 

Эрнис Асек уулунун портретинин тартылып калышынын баяны…

Жогоруда айтылган датада өтө турган көргөзмөгө жолдошум, «Асаба», «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген журналист, котормочу, акын, философ, Жазуучулар Союзунун мүчөсү Эрнис АСЕК уулунун да портрети кошулду.

Байымдын портретин быйыл, апрелде өткөн эскерүү кечесинде Асан агабыз мага тапшырды эле. Ошондон бери үйүмдүн төрүмдө илинип турчу…. Ары-бери басканда мени карап жаткандай сезилчү… Аябай көнө түшүпмүн… 18-сентябрда көргөзмөгө кетти…

Сүрөттө калган элести айтсам, байымдын бул сүрөтүн телефонго тартып алдым эле. 2014-жыл эле. 13-июнь туулган күнү болчу. «Чачымды алып бербейсиӊби, белегиӊ ошол болсун!» деп тамашалап калды. Чачын алгандан кийин, жуунуп, ары-бери басып тамеки тартып жүргөн. Анан эшиктин алдындагы отургучка отуруп ойлонуп калыптыр. «Эрнис!» десем, жалт карады эле, чырк эттирип алдым. Анан компьютерге көчүрүп жатсам: «Сен мыкты фотограф турбайсыӊбы» деп тамашалап калды. Бир күнү байкасам,  компьютеринин бетине коюп алыптыр. Сүрөт сурап калгандарга да ушуну жөнөтө берчү. Кыскасы, негедир ушул сүрөтүн аябай жакшы көрчү…

Капысынан тартылып калган бул сүрөт тарыхка айланат деп анда кайдан ойлоптурбуз?! Негизи Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков Асан агабызга айтпаса, бул сүрөт тартылбай калат беле дейм?.. Аны төмөндөгү тасмадан Асан аганын өзүнөн угуӊуздар:

P.S. Жогоруда аталган көргөзмөнүн түпкү тарыхын, Асан Турсункулов тууралуу кенен билгиӊиз келсе, керемет сүрөттөрүн көрөм, «Падышалар жана Мен» деген макаласын окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Баса, «Балама осуят» аттуу китеби ошол күнү, 12-ноябрда сатылат. Ага чейин алам дегендер болсо, уулу Азаматтан алсаӊыздар болот. Тел: 0777141114.

One thought on “ВИДЕО — Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов президентти тарыхый көргөзмөгө чакырды. Келээр бекен?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.