94 жаштагы опера ырчысы Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды

94 жаштагы опера ырчысы Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды

Кыргыз ССРинин, Бурят АССРинин эл артисти, 94 жаштагы белгилүү опера ырчысы Ирина Деркембаева бүгүн, 11-октябрда акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, эмгектерин эскеришти.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Ирина Деркембаева Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында 1927-жылы 25-декабрда туулган. Москвада консерваторияны аяктап, эмгек жолун Улан-Удэ музыкалык драма театрынан баштаган. 1952-жылы Кыргызстанга келип, опера жана балет театрынын солисти болгон. Искусство институтунда доцент болуп эмгектенип, бир топ опера ырчыларды тарбиялаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.