ВИДЕО -Жиззахтагы «Үч муундун жолугушуусу»… Жаштарга нике күбөлүктү Жунусов тапшырды

ВИДЕО -Жиззахтагы «Үч муундун жолугушуусу»… Жаштарга нике күбөлүктү Жунусов тапшырды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов «Үч муундун жолугушуусуна» катышуу үчүн Өзбекстандагы Жиззах облусуна барып, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, И.Жунусов Заамин районунун «Дуоба» атуулдарынын айылдык чогулушунун тургундары үчүн түзүлгөн шарттар, окутуусу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жакшы жабдылган орто мектептин, айылдык медициналык пунктунун жана тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал жаңы үйлөнгөн эки жупту (этникалык кыргыздарды) куттуктап, нике күбөлүгүн тапшырды.

Белгилей кетсек, «Дуоба» атуулдарынын айылдык чогулушунун тургундарынын 85% этникалык кыргыздар түзөт.

«Үч муундун жолугушуусу»…

Жиззах облусунун Заамин районунун Пешагор айылында өткөн «Үч муундун жолугушуусуна» Ибрагим Жунусов жана Жиззах облусунда жашаган кыргыз, казак, тажик, түркмөн, корей жана башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Ал жерде элчи сөз сүйлөп, анда Өзбекстанда жашаган түрдүү улуттардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди баса белгиледи.

Кечээ, 10-октябрда И. Жунусов мамлекеттик ишмер Шарод Рашидовдун, акын Зульфия менен акын Хамид Олимжонго эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты. Андан кийин № 29 Мээрим үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугуп, VMX велосипедин өнүктүрүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш -чаранын соңунда элчи Заамин районунун борборунда болуп, жергиликтүү бийликтин инфраструктураны жакшыртуу жана жашоочулардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча иштер менен таанышты.

Сөз менен айтылгандын баарын төмөндөгү ВИДЕОдор көрсөңүздөр болот:

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.