Балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча, балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова  дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Алардын айтымында, ал Норвегиянын Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашында алтын медалга ээ болгону менен дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Дүйнөлүк рейтингдеги бештикке киргендерди караңыз: (68 кг чейин)

1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай

2. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) — 114 упай

3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай

4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай

5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай

Мээримдин мээнети жана медалдары

JAKARTA, INDONESIA — AUGUST 21: Ayana Gempei of Japan (red) fights against Meerim Zhumanazarova of Kyrgyzstan (blue) during Women’s Wrestling Free Style 68 kg bronze match on day three of the Asian Games on August 21, 2018 in Jakarta, Indonesia. (Photo by Robertus Pudyanto/Getty Images)

Айтылуу машыктыруучу Нурбек Изабековдун тарбиялануучусу, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова тууралуу айта кетсек, ал азыр 22 жашта. Таластын Бакай-Ата районундагы Оро айылында туулган. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Алгачкы машыктыруучусу —  атасы эркин күрөш боюнча машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров.

Мээримдин айтканы боюнча, анын чоӊ спортко келишине ушул атасы себепкер. Ушул атасы айылдан баштап берген машыгуулар алып келген чоӊ спортто Мээримдин килем үстүндө тапкан ийгиликтери да бир топ:

  • 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль;
  • 2016-жылы Грузияда өткөн Дүйнө биринчилигинде коло байге;
  • 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль;
  • 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабаддагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2020-жылы Сербиядагы Дүйнө кубогунда алтын медаль;
  • 2020-жылы Польшадагы Poland Open эл аралык турниринде алтын медаль;
  • 2021-жылы Белградда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль;
  • 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль.
  • 2021-жылы Япония мамлекетинин Токио шаарында өткөн Олимпиадада коло медаль.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.