Үй-бүлөдө жалгыз кыз, милициянын капитаны Лола Абдуллаеванын жандүйнөсү…

Үй-бүлөдө жалгыз кыз, милициянын капитаны Лола Абдуллаеванын жандүйнөсү…
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы милициянын капитаны Лола Абдуллаева тууралуу маалымат таратты. Алардын айтымында, Лола айымдын жандүйнөсү чыгармачылыкка жакын. Анын билими, жоопкерчилиги жана башка сапаттары менен кызматта ийгилик жараткан. Ал учурда Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматында кызмат өтөп жатат.
Лола Абдуллаева 1994-жылы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кичине кезинде чыгармачылыкка кызыгып, ырдап, бийлеп, спектаклдерде ролдорду жаратканга кызыгып чоңойгон. Мектепте окуп жүргөндө фортепианого кызыгып, музыкалык билим алган. Сабактарды да мыкты окуп, уюштуруучулук иштерге да активдүү катышкан.
Үй-бүлөдө жалгыз кыз. Ата-энеси келечекте кызы дарыгер болсо деп тилешкен. А Лола болсо өзү тандаган кесипке ээ болгон.
ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынга тапшырган. Ал жерде уюштурулган маданий иш-чараларга активдүү катышып, чыгармачылыкты окуу менен бирге ала жүргөн. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына тергөөчү болуп дайындалган. Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында өз салымын кошуп жатканы менен сыймыктанат.
Анын айтымында, ал жашынан күнүмдүк аткаруучу жумуштарын алдын ала мерчемдеп, кечинде анын жыйынтыгын чыгарат. Тергөө кызматында аткарыла турган жумуштарын күндөлүк дептерге жазып алат. Бул  убакытты туура пайдаланууга жардам берээрин баса белгиледи.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.