ЖАРЫЯ: 60 сүрөтчү — 100дөн ашык эмгек. «Бейне» көргөзмөсүнө музейге келиӊиз! (Видео)

ЖАРЫЯ: 60 сүрөтчү — 100дөн ашык эмгек. «Бейне» көргөзмөсүнө музейге келиӊиз! (Видео)

14-октябрда, Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган «Бейне» аттуу 60 сүрөтчүнүн көргөзмөсү өткөрүлөт. Көргөзмөнүн ачылышы 14-октябрда, саат 15:00до башталып, 27-октябрда жыйынтыкталат.

«Бейне» көргөзмөнүн баяны

Быйыл кыргыз киносу өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Кыргыз киносунун улуу тарых барактарын таланттуу, кыраан инсандар жазган. Ар бир тасманын артында тартуучу топтун зор эмгеги турат. Кинодо ар бир адистин эмгеги чоң. Продюсер, сценарист, режиссер, оператор, актер, композитор, сүрөтчү, монтажер, үн режиссеру, жарык бергич, декоратор, аниматор, ассистенттер, жана башка иштерман адамдар, баардыгынын эмгеги баалуу. Ар бир тасманын кайталангыс көркөм дүйнөсү жана энергетикасы бар.

80 жылдын ичинде бир нече кинематографисттердин мууну өсүп чыкты. Кыргыз кереметинин байсалдуу сапарын Жаңы кыргыз феномени улады. Төлөмүш Океевдин «Эмнеси болсо дагы, кыргыз киносу жашаш керек» деген керээзи аткарылып келатат.

«Бейне» көргөзмөсүнөн силер 60 сүрөтчүнүн түрлүү техникада жасалган иштерин көрө аласыздар. Графика, живопись, скульптура жана керамика менен жасалган жүздөн ашык эмгек коюлат. Көргөзмөдө улуу муундун өкүлдөрү, атак-да-дактуу КРнын Эл сүрөтчүлөрү менен бирге атагы чыгып калган таланттуу жаштар дагы катышат. Көргөзмөдө коюлган иштердин 90 пайызы атайын ушул көргөзмөгө арналып жасалып, эл назарына биринчи жолу коюлат.

Тематикалык жактан алганда иштер эки шарттуу топко бөлүнгөн: киноишмерлердин портреттери жана кыргыз кинолору. Портреттердин жан дүйнөсүн чагылдырып, киноишмерлердин энергетикасын бериш үчүн сүрөтчүлөр таанып, билип, өздөрү көргөн инсандарды жазышты. Ал эми кинолор жөнүндө болсо – бул көргөзмөдө тасмалардан алынган стоп-кадрлар жок. Сүрөтчүлөр өздөрү жакшы көргөн тасмалардын темасын, сюжетин, маани-маңызын чагылдырган жаңы көркөм чыгармаларды жаратышты. Бул эмгектер кыргыз кинолорунун көркөм өнөр жанрларында тартылган сүрөтчүлөрдүн варианттары.

Уюштуруучулар: КРнын кинематографисттер уюму,  КРнын Сүрөтчүлөр уюмунун жаштар бирикмеси, Республикалык «Айтыш» коомдук фонду.

Шериктештер: КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министрлиги, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи.

Контакттар: Айбек Дайырбеков, Көргөзмөнүн уюштуруу иштери боюнча КРнын кинематографисттер уюму. Тел: 0552-505095. Замир Илипов, Көргөзмөнүн көркөм сүрөт иштери боюнча КРнын Сүрөтчүлөр уюмунун жаштар бирикмеси. Тел: 0700-874055

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.