ВИДЕО — Белгилүү актер Руслан Курманалиев каякка жетекчи болду?

ВИДЕО — Белгилүү актер Руслан Курманалиев каякка жетекчи болду?

 «Жакшы көрөмүн го?!»

Бул рубриканы маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулу ачып кеткен. Элдин баары жакшы көргөн адамына тирүү кезинде жылуу, жакшы сөз айтсын деп самаган, каалаган. Ошол аманатын аткарып жакшы адамдарга жакшы сөз арнап келатабыз. Бу жолу кезек досуна келди.

Ал Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү мыкты актер Руслан КУРМАНАЛИЕВ. Анын актер болуп эмгектенип келатканына 25 жылдан ашты. “Туңгуч» тетрында 5 жыл иштеген, бул жерден тажрыйба топтогонун танбайт. Андан кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрына актер болуп барып, ал жерде 20 жыл үзүрлүү эмгектенди. Дал ушул жерге, бүгүн, 14-октябрда театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. 

Русландын иш, актерлук жагына эмес, адамгерчилик жагына басым жасайын деп турам. Анткени ал достукту барктап, баалаган чоң тамгалуу адам. Маркум жолдошум Эрниске айрым мүнөзү окшош. Байлык, бийлик, наам, сыйлыкка жулкунбаган, жөнөкөй, адамгерчилиги жагынан аябай окшош. Ушул адамгерчилигин байымдын быйыл, 25-апрелде өткөн эскерүү кечесинде да көрсөттү. Такыр убактысы жок болсо да убакыт таап, кеп-кеңешин берип турду. Эскерүү кеченин алдында «Фейсбуктагы» баракчасына: «ЭРНИС ДОС! Биздин арабыздан кеткенине 1 жыл, 2 ай, 20 күн болду. Былтыр чыгармачылык кечеңди өткөрмөкпүз, аттиң дүйнө… ажал улук экен максатыңа жетпей калдык. Эми минтип эскерүү кечеңди өткөрүп жатабыз. Мыкты журналист, акын, котормочу, анан дагы мыкты адам катары эсибизде түбөлүккө кала бересиң»,- деп байымдын мыктылыгын баса белгилеп жүрөгүмдү жылыткан.

Акын досунун толгон ырынан «Периштең» аттуу ырын тандап, Эрнис экөөбүздүн эки жакта калган абалыбызды сахнада чагылдырып, баарыбызды ыйлаткан…

Русландын жакшы ырдарын Эрнистен көп эле уккам. Бирок, жанында отуруп уга элекмин. Жакында эле Алмаз иним менен Жазгүл келиним Сокулуктагы тушоо тойго барышкан. Ал жерден Русландын ырдаганын угуп, «Эрнис жездебиздин досунун үнү сонун экен, мыкты актер эле эмес, мыкты ырчы да турбайбы»,- деп келишти…

Иним менен келиним андагы тойдун аягында Эрнистин «Кубаныч илими» аттуу ырын опера ырчысы Тимур Дайрабаев ырдаганын айтып кубанышты. Руслан, досуң ушинтип ырларында жашайт эми…

Досуң тууралуу айтып бергендериң «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китепке кирди. Ал китеп жакында колуңарга тийет.

«Тепкичтен тепкичке. кызматтан кызматка жогору көтөрүлүү үчүн артыңда тылың мыкты болуш керек» дегендей, артыңда тылың бекем. Гүлгаакы аттуу билимдүү, илимдүү, мыкты тилчи, жаркылдаган жарың бар. Үлгүлүү үй-бүлөсүңөр. Мыкты ата-энесиңер. Экөөңөргө сөз, көз тийбесин! Балдарыңар менен узак өмүр сүргүлө! Ар дайым кубанычта жүргүлө!

Силердей жакшы адамдар менен тааныштырып кеткен Эрнисимдин «Кубаныч илимин» тартуулайм!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.