Эдил Байсаловдун кызматка дайындалышы мыйзамсыз болгонун «Ата Мекен» айтып чыкты

Эдил Байсаловдун кызматка дайындалышы мыйзамсыз болгонун «Ата Мекен» айтып чыкты
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы эле дайындалган Эдил Байсаловдун мыйзамсыз кызматка дайындалышы тууралуу “Ата Мекен” партиясы сотко кайрылат. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Эрлан Аскаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын билдирүүсү толугу менен төмөндө:

Эрлан АСКАРОВ: «Эдил Байсаловдун кызматка дайындалышы мыйзамсыз»

— КРнын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында өкмөт мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар жайгашкан. Бирок, алардын ичинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жөнүндө маалымат жок. Жок экенинин сырына кызыгып, интернет аркылуу Байсаловдун өмүр баянын изилдеп көрдүм.
1999-жылдан 2007-жылга чейин Байсалов НПОдо 8 жыл жетекчи болуп жүрүптүр.
2012-жылы Социалдык өнүгүү министринин орун басары жана анын милдетин аткаруучу,
2019-жылдан азыркыга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп жалпы мамлекеттик кызматта 3 жыл стажысы бар экен.
Жакында эле кабыл алынып, Президент кол коюп, сыясы кургай элек «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 8-беренесинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн белгиленген талаптар жана чектөөлөр бар.
Ал талаптар мындай дейт: «Министрлер Кабинетинин төрагасынын жана Министрлер кабинетинин башка мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчисинин кызмат орундарында жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес, жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат»,- дейт.
Бул саналган талаптардын ичинде 10 жылдык мамлекеттик кызматтагы стаж баарына тиешелүү. Ошонун ичинде 5 жыл жетекчи кызмат да болуш керек. Эдил Байсаловдо 10 жылдык мамлекеттик иш стажы да жок, 5 жылдык мамлекеттик кызматта жетекчи стажы да жок.
Талаптын экинчи бөлүгүндө ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес, жетекчилик иш тажрыйбасы бар адам да, 5 жылдык стажы жок болсо да Министрлер Кабинетинин мүчөсү боло алат деп турат.
Бирок, Эдил Байсаловдун кашайып башка чөйрөдө да, 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы жок экен. Жогоруда айткандай, 1999-жылдан 2007-жылга чейинки 8 гана жылдык НПОдо жетекчи болгон экен.
Ошентип, Байсаловдун Өкмөт мүчөсү болуп дайындалышы мыйзамсыз. Ошондон улум Өкмөт анын өмүр баянын сайтка иле албай жатат.
Кечээ эле Байсалов өзү “КРнын мыйзамдарын сактайм жана коргойм” деп ант берди. Президент да ошондой ант берген. Эгер, мыйзамды сыйласак, анда Байсалов бул кызматтан баш тартып кетиш керек. Жок, Байсалов Кыргызстан үчүн маанилүү адам дешсе, анда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан дайындаш керек.
Бул маселе боюнча Министрлер Кабинети жакынкы күндөрү ынанымдуу, мыйзамдуу жооп бербесе, анда “Ата Мекен” партиясы Эдил Байсаловдун Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылат.
Эрлан АСКАРОВ

Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Министрлер кабинетинин төрагасынын 4 орун басары бар жана 15 министрликтен турат.

1. Арзыбек Кожошев, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары,

2. Азиз Аалиев, экономика маселелери боюнча орун басары,

3. Эдил Байсалов, социалдык маселелер боюнча орун басары,

4. Камчыбек Ташиев, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагасы.

Министрлер:

Экономика жана коммерция министрлигине Данияр Амангелдиев, Финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, Юстиция министрлигине Аяз Баетов, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине​Азамат Жаманкулов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Кудайберген Базарбаев келди.

Руслан Казакбаев тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.

Эске сала кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси (илгеркиче, премьер-министр) кызматына Акылбек Жапаровду сунуштаганын президент Садыр Жапаров коомчулукка социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу 12-октябрда жарыялап, Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергенин (!) баса белгилеп жазган эле. Анын эртеси эле — 13-октябрда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карап, аягында колдоп беришкен.

Ошентип, кезектеги Жаңы өкмөт курамы түзүлдү… Өлкө башчысы Жапаровдун үмүт-ишенимин Өкмөт башчысы Жапаров командасы менен канчалык актайт, убадасын канчалык аткарат, убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Эдил Байсаловдун кызматка дайындалышы мыйзамсыз болгонун «Ата Мекен» айтып чыкты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.