ВИДЕО — Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Талибандар үчүн согуш майрамдардай эле. Кыргызстанга тийгизе турган таасири бар»

ВИДЕО — Мелис МЫРЗАКМАТОВ: «Талибандар үчүн согуш майрамдардай эле. Кыргызстанга тийгизе турган таасири бар»

«Улуттар биримдиги» партиясын негиздеген, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов парламеттик шайлоого катышууга аттанды. Ал аталган партияны баштап баратат. Мелис мырза учурдагы эл кооптонгон «талибандар» кыймылы жана чек ара маселеси тууралуу айтып бериптир. Анын айтымында, талибандардын согуштук тажрыйбасы бар. Башка бир принциптерди тутунган адамдардан түзүлгөн армия. Алар үчүн согуш майрамдардай эле. Ошондуктан бүгүнкү күндө аймактык коркунуч бар, коопсуздук кылдын учунда турат. Кыргызстанга тийгизе турган таасири бар. Алар Таджикстан менен бир жаңсыл болгондон кийин, алар кийинки объектини издей баштайт, Өзбекстан же Кыргызстан деп. «Өзбекстандын армиясы күчтүү, чек ара бекем. Демек, ал жакка батынып кире албайт. Алсыз точкага кириши ыктымал, ал — -Кыргызстан«, — дейт М.Мырзакматов.

«Талибандардын» саясатын ачык эле колдогондор Кыргызстанда бар. Алар…

Эске сала кетсек, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Биздин кыргызстандыктар Ооганстандагы абалдын курчушунан улам эл аралык терроризм, диний экстремизмдин ички. тышкы корунучунун алдын алуу, аларды колдогондор бизде деле бардыгын баса белгилеп, тынчсызданышкан. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандан келе турчу коркунучтарга мамлекет даярдык көрүп жатканын «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, күч жетпей бара жатса мамлекет Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жардамына муктаж болот.

А чындыгында, бизде ачык эле «талибандарды» колдогондор бар. Алгач эле Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген Руслан Бекназаров талибдердин бийликке келгенин «кубануу» менен кабыл алып, куттуктап «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан…

Ошондой эле мурдагы ЖК депутаты, ажы Турсунбай Бакир уулу да «талибандар жаман эмес, коркунучтуу эмес, алар менен алака түзүү керек!» деп коңгуроо кагып келет. Ачык эле айтып да, жазып да келатат. Алардын жазган постторунун алдына «Халифат» курууга чакырык таштагандар да болууда…

 

Белгилей кетсек, бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган “Талибан” кыймылы АКШ башында турган эл аралык коалиция күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан тартып чабуулдарын күчөткөн. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон.

Талибдер эмнеге тыюу салган?

Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин беш жылдык башкаруусунда шарият мыйзамдары иштеп, телекөрсөтүүгө, киного, музыкага, искусствого тыюу салынып, кыздардын билим алышы чектелген. Алардын күйөөсү же эркек жакын туугандарысыз сыртка чыгуусуна тыюу салынган. Ооганстандагы Надия Анжуман аттуу акын кыздын ыр жазганы адабиятчы күйөөсүн кыжырлантып, талибдердин каарына калат. 25 жаштагы акын кыз күйөөсү тарабынан сабалып, тепкеленип өлтүрүлгөн. Акын кыздын аянычтуу тагдырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Баш мыйзамда…

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Белгилей кетсек, «Халифат» куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

Эми шайлоого келсек…

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Быйылкы  шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

Бир мандаттуу шайлоо округунан 381 талапкер катталганын, арыздарды кабыл алуу 13-октябрда жыйынтыкталганын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 14-октябрда билдирген.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо былтыр, 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси митингге чыгып, ал толкундоолор акыры бийлик алмашууга алып келген. Ошол эски бийликтин одоно, орой катачылыгынын айынан өлкө башына келген азыркы бийлик жана шайлоо өтүшүнө түздөн-түз жоопкер БШК таза шайлоо өткөрүп берет деген ниеттебиз…

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.