Түркияда кайнатасынын колунан ажал тапкан келиндин сөөгү бүгүн Кыргызстанга келет

Түркияда кайнатасынын колунан ажал тапкан келиндин сөөгү бүгүн Кыргызстанга келет

Түркия мамлекетинин Текирдаг аймагында кайнатасынын колунан ажал тапкан кыргызстандык келиндин сөөгү бүгүн, 15-октябрда, Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу «Азаттыкка» билдирген. Маалыматка караганда, кызынын сөөгүн алып келүүгө апасы Москвадан барган. Бардык чыгымдарды кыргыз өкмөтү көтөрүүдө.

Эске сала кетсек, 12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашап, иштеп жаткан кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнүн бардык ММКлар жазып чыгышкан. Андагы окуяны «Азаттык» жазып чыккан. Кандуу окуяны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Алыста өмүрү киши колдуу болуп кыйылган Аят келиндин эки баласы жетим калды. Социалдык түйүндөгү баракчасына акыркы сапар 30 жашка толгон туулган күнүндө кирип, учурдагы, ага чейинки турмушу боюнча жакшы ойлорун, аруу тилектерин жазып, жарык дүйнөгө алып келген апасына «Өмүр тартуулаганың үчүн алкыш» деп жазган экен…

Ата-энеге кандай кыйын азыр… Кайрат, сабыр тилейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.