ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин байбичеси экинчи жолу президентке, элге кайрылды. Апаны ыйлатпайлычы, туугандар!

ВИДЕО — Ашыралы Айталиевдин байбичеси экинчи жолу президентке, элге кайрылды. Апаны ыйлатпайлычы, туугандар!

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиев атабыздан ажырап калганыбызга 13-октябрда 13 жыл болду. 13 жылдан бери байбичеси Наила Айталиева апабыз куран окутуп келет. Ал күнү дагы куран окутту. Барсам апабыздын табы мурдагыдай эмес, алсырап калыптыр. Ыйласа жанына киши тура албайт. 80 жаштагы апабызды ыйлатып койгонубузга ушунчалык жаман болдум. Дегеним, августта эле абышкасынын ысымын Бишкек шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго, элге кайрылган.

Мына, салыштырыңыз, августта апабыз кандай эле, азыр кандай абалда? Байкаганыңыздай, жайында апанын абалы кыйла түзүк болчу, а азырчы?..

Наила АЙТАЛИЕВА: «Чалымдын ысымы көчөгө берилген күндү угуп кетээр бекем?»

Апабыз эртең кандай болуп кетет деп күн кечирип жатканын өткөндө эле жазганбыз. Азыр апага ошондой күдүк ойлор күчөгөн күндөр өтүп жатат. Эки сөзүнүн бири дале: «Чалымдын көчөгө берилген күндү угуп кетээр бекем? Ошол кубанычты угаар бекем?» болуп, буларды айтты:

— Эки бутум басканда өзүм эле Садыр баламдын кабинетине барат элем. «Өңдү көрсө жүз таят» дегендей, бийлик бул суранычымды батыраак чечип берет беле? Себеби, бутум басып турганда, барып калган жердин баары ордунан тура калып амандашып, Ашыралынын талантын айтып, маданиятка чоң салым кошконун баса белгилеп «тарыхый инсан» деп айтып калышчу эле. А чынында ошондой да, 60 жылдан ашуун маданият тармагында эмгектенди. Филармонияга 1946-жылы ишке кирген. Ал учурдагы таланттар мамлекеттин айткан жагына араба, автобус менен барышчу. Анысы да жол, белден бузулуп калып, талаа-түздө ачка конуп калып, ысык, муздакта жүрүп, ооруп калган күндөрү болгон. Тээ тоо, таштагы малчыларга чейин барып, жандуу үн менен ырдап беришкен. А азыркылар эмне, ашар менен концерт коюп акча табышат, там алышат. Аймактарга чалкалап кымбат машиналары менен, же самолет менен барышат да, фонограмма менен ырдап кетишет. Сыйлык, наамга жулкунушат. А менин чалым андай нерселерди ойлочу да эмес. Карыганда «Эл артисти» наамын алган, — деп ынтыгып ыйлаганда, жүрөк сыздап, көзүңө жаш айланат…

Апаны сооротуп, «Апа, эл колдойт дагы деле, аягы эмне болуп чечилээри калайык калкка да кызык. Элге, президентке дагы кайрылыңыз» деп, планшетиме тартып алайын десем, кайра эле ыйлайт… Он жолу тартып атып, араң сүйлөтүп алдым…

Наила апага Абыкеевдин жообу…

Учурда мамлекеттик катчы кызматынан кеткен Чолпонбек Абыкеевден, кете элегинде кат келген экен. Апа Абыкеевди алкап алды да: «Менин кайрылуума Чолпонбек Абыкеев кат менен жооп берди эле. «Залкар адамдын ысымын кантип эле бир көчөгө бербейли. Бирок, мыйзам боюнча, бул маселени мэрия карайт. Аларга кат жибердим, менин көзөмөлүмдө. Октябрдын аягына, ноябрдын башында чечилип калат го» деп кубандырган эле. Кубанып отурсам эле, ал аңгыча кызматтан түшүп калбадыбы…»,- деп кейип дагы ыйлап калды… «Кийинки келген мамкатчы деле мурунку маселелерди карап, иштерди улантат» деп соороттук…

Айтмакчы, Чолпонбек Абыкеевдин апага жооп берген катынын мазмуну мындай экен:

Урматтуу Наила Муратовна!

Ашыралы Айталиевдин ысымын борбор калаабыздын көчөлөрүнүн бирине жана мектепке ыйгаруу боюнча Сиздин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун дарегине жолдогон видео-кайрылууӊуздагы суранычты Бишкек шаарынын мэриясына жиберилди.

Сиздердин өтүнүчтү Бишкек шаарынын мэриясы карап чыгып, Бишкек шаардык кеӊешинин сессиясына киргизет.

Аталган маселе биздин көзөмөлдө тургандыгын билдиребиз жана жыйынтыгы боюнча Сизге кошумча маалымат берилет.

Урматтоом менен,  Чолпонбек АБЫКЕЕВ   

Чолпонбек Абыкеевдин кийинки жообу…

9-августта, андагы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевден интервью алганы барганда, бул маселе боюнча мен да сурагам. «Айтылуу төкмө акын Ашыралы Айталиевдин атын берүү маселеси боюнча учурда мэрияда каралып жатат«, — деп жооп берген. Андагы маегин толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Азыр — президенттин кеңешчиси. Бул маселе боюнча: «Чолпонбек мырза, сиз бул маселени азыркы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго тапшырып кеттиңиз да...»,- деп сурасам, бул маселе менен кошо элден түшкөн 150 катты тапшырып кеткенин айтты…

Мэрия эмне дейт?

Бул маселенин каралыш, чечилиш жүрүшүн билели максатында апанын көзүнчө Мэрияга, 61-10-91 номуруна чалдым. Апсамат аттуу жигит алып, трубканы апанын өзүнө бердим, сүйлөштү. «Кагылайын балам, силерден кат келди, силер талап кылган документтин баарын неберем Азизден берип жибергем. Ал кутучаңарга түшүптүр. Алдыңарбы? Элден түшкөн каттар кутучада айлап, жылдап жатып калат деп уктум эле. Мен кары адаммын, баспайм. 80ге келдим, бир бутум көрдө, бир бутум неберемдин төрүндө турат, кагылайын. Мен айлап, жылдап күтө албайм. Абышкамдын документтеринин көчүрмөсү каралбай, кутуча ачылбай чаңда калбасын, маселе көтөрүлбөй көмүскөдө калбасын, айланайын, балам. Президент Садыр балам дагы ушул маселени жакшы айтты го, «элден түшкөн каттар тезинен каралсын!» деп. Эмне болуп жатат?»,- деди.

Баарын угуп турган Апсамат жайбаракат апага түшүндүрүп берди. Анын айтымында, катты алышыптыр. Бул маселеге Жазгүл Абдыманова деген кыз жооп берет экен, анан ал кыз бул маселени Турусбеков менен Чокморовдун кесилишиндеги Бишкек Башкы архитектурасынга жибериптир, ал жерде ал маселеге Юля Моисеева деген айым жооп берет экен. Кыскасы, маселени Архитектурадагы комиссия карап, анан Мэрияга да, Апага да жообун берээрин айтты. Алар кайсы жер бош экенин айтышса, аны Бишкек шаардык депутаттары сессияда карашат да, бекитип беришет. «Архитектура аркы жумада жооп берет» деп жол-жобосун түшүндүрүп берди…

Апсаматтын ыймандуулугуна ыраазы болгон апа, аны алкап, батасын берип сөзүн бүтүрдү…

Анан: «Маданият министрлигине да кат жөнөттүк эле» деп тынчсызданып, министрдин орун басары Саадат аттуу айымдын соткасына чалды. Ал дагы «катты алдык» деп сылык-сыпаа жооп берди. Министр алмашканын, аркы жумада министр Азамат Жаманкулов менен байланыштырып коерун убада кылды. Баарынын жообуна ыраазы болгон апа, аркы жуманы күтүп эле калды. Бирок жашык апабыз, кайра эле ыйлайт…

Кыскасы, кыска, чолок көчө эмес...

Улуу улуттук дөөлөттөрдүн, өнөрлөрдүн урпактарга жетишине көпүрө да, өбөлгө да болуп өмүр берип келген улуу, залкар, кайталангыс таланттарыбыздын бири Ашыралы атабыздын ысмын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине берели, үн кошуңуздар деп жазып чыкканыбызда: «Ашыралы Айталиев атабыздын атын аянбай эле Бишкектеги бир көчөгө, анда дагы кыска, чолок эмес, узун, чоӊ көчөгө бериш керек! Аты Алайга, даӊкы далайга кеткен адамдарга бербегенде кимге беребиз? Алигүнчө орустардын атындагы көчөнү алып жүрөбүз«,-деп окурман журтубуз добулбас кагып, пикир айтып үн кошушкан…

Ооба, элдин айтканы ачуу чындык. Бул маселе боюнча апабыз зарлап, какшап августтан бери кайрылып  келатат. Катуу айтканда, өтө керек маселе болсо, алеки саатта чогулуп чечип деле коюп жатпайбы дейсиң… А бул маселе августтан бери чечилбейт келет!

Не дейбиз, 80 жаштагы апаны ыйлатпай, ак батасын алалы деген эле тилек! Апа аткарууга умтулуп жаткан аманат иш — негизи ЖАЛПЫБЫЗДЫН ИШИБИЗ, ПАРЗЫБЫЗ, улуу инсандарга болгон УРМАТ-СЫЙЫБЫЗ! Ошондуктан, Апаны арманда калтырбайбыз деген УЛУУ YМYТ менен ЭЛИБИЗДИ, кайдыгер эмес МЕКЕНЧИЛ ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫ үн кошууга чакырабыз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Наила апанын августтагы кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар үн кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Түркиядагы Жыргалбек Касаболоттун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден, Финляндиядагы Асыран Айдаралиевдин пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.