Калчоро КӨКҮЛОВ: «Чокчолойчо чокчоңдобой акындар, Чоң ойлонуп, чоң ырларды жазалы»

Калчоро КӨКҮЛОВ: «Чокчолойчо чокчоңдобой акындар, Чоң ойлонуп, чоң ырларды жазалы»

Адамдан жөнөкөйлүктү издеп, агасын жоктоп жүрүп өткөн Эрнис…

«Асаба» дегенде эле эки гений бир тууган эске түшөт. Аттары аталат. Кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис агабызды байым жоктоп, сыздап, арманда кылып жүрүп, акыры агасынын 49 жашында артынан былтыр, 29-январда кетти.

Эрнис агасынын аткарылбай калган аманатын аткарууга аракет кылды. Анын бири ушул «Алакан» сайты болсо, бири гезит болчу. 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарды эле. Кийинки муунга улуу, алп, залкар акындардын ырларын жеткирүү максатта, атайы «Айтылып, айтылбай турган акын дүйнөсү» аттуу рубрика ачып, баш сөз жазып, ырларын берип турчу.

2015-жылы акын Калчоро Көкүлов агабыздын ырларын чыгарды. Ырлары укмуш экен. Ойго салчу, ойлончу, ойгончу ырлар… Ушундай ырларын Эрнис менен Жыргалбек (Касаболотов) жаш кезинен жакшы көргөн акын агабыз соцтармакка жайгаштырып келет. Калчоро агабыздын «Фейсбукка» жайгаштырган ырын берээрден мурда байымдын гезитибизге жазган баш сөзүн берүүнү туура көрдүм.

Назира СААЛИЕВА

Эрнис АСЕК уулу: «Калчоро байкем жаштык кезимдеги улуу акындардын бири болгон, азыр да ошол бойдон кала берет»

Чыныгы акын жөнүндө жазыш кыйын. Жазууга да мүмкүн эмес. Билбегенден кийин билем деп чарпылбаш керек го? Калчоро Көкүлов деген акынды 80-жылдардын аягында туйдук, сездик. Бирок коом сезе алган жок. 19 жаштагы жаным «ушундай акынды эмнеге кыргыздар билбейт?» деп жан алакеттен кетчүмүн. Студент элек, ошол студенттик дүйнөбүздү, сырткы эмес, ички дүйнөбүздү чагылдырган ушул Калчоро акыныбыз болгон. Мен орустарды бир нерсе үчүн гана сыйлайм. Талантты бапестегенди билишет. Биз билбейбиз, көралбайбыз. А Калчоро акын унчукпай өз ырларын жаза берет. Ошондон каниет алам.

Өз оюмду эч кимге таңуулагым келбейт, бирок, Калчоро Көкүлов акынды кыргыздын улуу акындарынын катарына кошот элем. Балким, балким, көбүртүп айтып жаткандарымын, бирок, студент кезде Жыкебиз (Жыргалбек Касаболотов) ырларын жатка айтканда муюп угуп, бир башкача дүйнөгө кабыл болоор элек. Чыныгы акын гана ак-карасына карабай муюта алат болуш керек дейм.

Мен көп акындарды окудум. Болгондо да дүйнөгө дүңгүрөгөн акындарды. А Калчоро байкем менин жаштык кезимдеги улуу акындардын бири болгон, азыр да ошол бойдон кала берет. Таза киши гана таза ырларды жаратат деп ойлойм. А Калчоро байкем өтө таза, жөнөкөй киши. Сыйлыкка умтулбайт, мактанып көкүрөк урбайт. Мындай кишилерди табыш кыйын…

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба», 2015-жыл

Калчоро КӨКҮЛОВ: «Чолуп сүйлөп, чолок басып сүйрөлбөй, Чоң арыштап, чоң иштерге көнөлү…»

Чоң сөз болот, чоң иштердин өбөгү,
Чоң сөз болот чоң иштердин көмөгү.
Чолуп сүйлөп, чоркоктукка ыктабай,
Чоң мараага чоң дем менен келели.
Чоңду сүйлөп унуталы майданы,
Чоң нерсенин көркү да бар ай далы.
Чоң кыймылдап, чоң иштерге чап салып,
Чоң жарышта чуркап турган пайдалуу.
Чоң турмушка бой уралы биригип,
Чоң окуйлу, чоң билимди сиңирип.
Чочубайлы чоң жерлерге баргандан,
Чоңду таанып, чоңду сүйөт тирүүлүк.
Ким өзүнүн ишенбесе күчүнө,
Кирип чыккан жолу болот кичине.
Арымы да, акылы да арбыбай,
“Актап койгон таруу кирет түшүнө”.
Майда кайнайт майдалардын казаны,
Майдаланбай майдалыктан качалы.
Чокчолойчо чокчоңдобой акындар,
Чоң ойлонуп, чоң ырларды жазалы.
Чоң алоонун оту күйсүн ичиңде,
Чоң кылоонун күчү жүрсүн мизиңде.
Чочуп кетип ары барып алактап,
Чоң десе эле, чоң Манас деп түшүнбө.
Азып-тозуп ишин кылбай бечелдин,
Алаксыбай акчасына чет элдин.
Абийир менен ар-намысты туу кылып,
Аброюн көтөрөлү мекендин.
Сыртта сааты кагып турат жаңынын,
Жаңы жашоо. Жаңы турмуш. Жаңы муун.
Чоң каткырып, чоң жактырып, чоң сүйлөп,
Чоң ийлейли келечектин камырын.
Чоң нерсенин чоңдой болот көлөмү,
Чоң нерсенин чоңго тийет кереги.
Чолуп сүйлөп, чолок басып сүйрөлбөй,
Чоң арыштап, чоң иштерге көнөлү…
Калчоро КӨКҮЛОВ
Жыргалбек КАСАБОЛОТ: Көбү жүрөт көрүнгөндү кайсалап. Көңүлдөрдүн кичиргени байкалат»

Калчоро агабыздын бул ырынын алдына Жыргалбек мындай ыр жазыптыр:

Көбү жүрөт көрүнгөндү кайсалап.
Көңүлдөрдүн кичиргени байкалат.
Көк тиреген таасын кептин тазасын
Көкүловдой дөөлөр гана айта алат.
Мезгил тынбай баштап келет жарышын,
Мейкиндиктен таштап келет арышын.
Чоң нерселер жапыз жерден көрүнбөйт,
Чокуларга чыгыш керек ал үчүн.
Ой жүгүртүп, ой өстүрүп көнгүлө,
Окугула, өзөк байлап, өнгүлө!
Чоң тоолордун чокусундай бийикти
Чоюн Алптын китебинен көргүлө.
 Жыргалбек КАСАБОЛОТ
P.S. Жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиевдин «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу китебине жазылган баш сөздү бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

21 жаштагы ыр. Көпүрөдөгү сүрөт, жакшы мүнөт…

Эрнис аркылуу ушундай жөнөкөй, мыкты акындарды тааныдым. Ырларын кууп окуп жатам. Ал эми өзүнүн ыр жыйнагынын «Каалгасы» дайыма жаздыгымдын башында турат. Жатаарда окуп, кучактаган боюнча уктайм… Ойгондо кайра окуйм, ойлоном, толгоном, эстейм… Көз жаш топ этип да кетет…

«Таң атпай» аттуу ырын окуп, экөөбүз баскан жолду, экөөбүз отурган көпүрөнү эстейм… Байым ойлонуп отуруп калганда, сүрөткө тартып алчумун. Анда да жөн түшчү эмес, ушинтип түшчү… Бул сүрөт ошол кездеги жакшы мүнөттөрдү эстетет…

Эми ушул… таң атпай экөөбүз көп барган көпүрөнү 21 жашында эле жазып салыптыр…

Таң атпай

Бул талаага келген элек экөөбүз,

Бак түбүндө олтурганбыз. Күз эле.

Бул көпүрө болгон ыйык көпүрө,

Экөөбүздү кошуп турган. Түз эле.

 

Күн да тийген. Дирилдеген жалбырак.

Ушул жолдо баскан элек үн катпай…

Бүгүн болсо кыш аяктап баратат.

Келдим мында өзүм жалгыз таң атпай.

 

Келдим мында. Талаабызды кар баскан.

Таңдай жарып чымчыктар да сайрабайт.

Көпүрөбүз көңүлү жок сумсайып,

Салам берип коюуга да жарабайт.

 

Бак түбүнө басып келдим, олтурдум.

Карабадым биз жашаган тарапты.

Ушул талаа, бул көпүрө, ушул бак,

Мен күтпөгөн, мен билбеген азаппы?

 

Күн да тийбейт. Дирилдебейт жалбырак.

Жолду карай басып келем үн катпай.

Дагы бир кыш аяктоодо билинбей,

Келдим неге мында жалгыз таң атпай?..

Эрнис АСЕК уулу, 1991

Акын, журналист Үсөнбек Дайырбеков Эрнистин дал ушул ырын 25-апрелде окуган. Анда акын, журналист досу Атахан Кожогулов «… кулаар» аттуу ырын жана жоктогон ырын окуп берди эле. Ошондой эле, эркин журналист Айчүрөк Борукеева «Эки гана сүрөт» аттуу ырын окуган.

… кулаар 

Кайсыл жол, кайсыл чыйыр, кайсы тарап?
Калдайган асман дагы келет кулап…
«Атакем кандай эле? Мындай беле?..» —
Ай, аттиң, уулум дагы турар сурап.

Сөзүм жок, сөздүн баары жалган белем,
Сөөмөйдөй аруу тилек калган белем.
Жараткан жетим кылып бул дүйнөнү,
Жашоону жесир кылып салган белем.

Кийим да өңү өчүп, эскирет дейт,
Эчки да ажал келсе, эчкирет дейт.
Бүтүндү бүлүндүргөн мыйзам ушул,
Таң атса тагдыр өкчөп, кеч кирет дейт.

Жараткан чачылганды жыйнап туру,
Жанчылган жан-дилимди кыйнап туру.
Моюнга салып жатып сыйыртмакты
Көзүмдө Көкө Теңир ыйлап туру.

Көл толкуур, жамгыр төгөөр, шамал ураар,
Көөдөндө жолу туюк амал тураар.
Сырларым сыртты көздөй аңтарылып,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар…

«КААЛГА» китебинен

Эрнис АСЕК уулу, 2008-жыл

Эки гана сүрөт

Чарчап бүтүп «чарк» айланган мүнөттөн,

Чалкып жаткан сайды көрдүм сүрөттөн.

Тоолор да жок, асман да жок, күн да жок…

Тоголонуп кетти бир ыр жүрөктөн.

 

«Сакта!» деди. «Сакта!» деди… «Ак жакшы!» —

Сансыз таштын сайдагы бир ак ташы.

Көрсө дүйнө көз ирмемден куралган –

Көөдөн тешкен апакемдин көз жашы…

 

Түн жамынып бир жолоочу жол менен,

Түбөлүккө из калтырат «Бол!» деген.

Карап турдум, карап турдум кадалып,

«Мына чындык» деген гана ой менен.

 

Жолоочуга жомок айтып барат жол,

Жомогуна асмандан ай сунат кол…

Мекен болгон мейкинине жашоонун

Мен жашаган ушул дүйнө аман бол!

 

Анан билдим арсыз дилдин дарегин,

Алсыз оюм болгон экен алегим.

Дүрсүлдөгөн жүрөк болуп сүрөттөр,

Дүйнө болуп катып турду карегим…

Эрнис АСЕК уулу,

«КААЛГА» китебинен

Башат

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун«
деп өзүң жазгандай, мен үчүн СЕН барсың. Ойлондурган, толгондурган ырларыңда жашайсың. Артыңда ар дайым эстеп турган жарыңдын жүрөгүндөсүң…
Сени жакшы көргөн маркум Азада Бегимкулова акын эжебиз жазгандай, «Баркыңды билгендердин, талантыңды сүйгөндөрдүн эсиндесиң…»
Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.