Стамбулдагы фестивалда 3-орунду ээлеген Айкөл Нурланбек уулу акын Айсулуу Көкөевага эмнелерди айтты?

Стамбулдагы фестивалда 3-орунду ээлеген Айкөл Нурланбек уулу акын Айсулуу Көкөевага эмнелерди айтты?

Түркия мамлекетиндеги Стамбул шаарында өткөн фестивалда Кыргызстандык рёжиссер Айкөл Нурланбек үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу белгилүү акын Айсулуу Көкөева бүгүн, 16-октябрда билдирди.

Анын айтымында, Түрк дүйнөсүнүн Даректүү тасмалардын алтынчы фестивалы «Тогуз өлкө тогуз шаар» аталышта Стамбулда өткөн. «Түрк маданияты жана дүйнөгө түрк көз карашы» ураан менен уюштурулуп, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжандын Босния, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан. Баш аягы 13 өлкөдөн 226 эмгек келип түшкөн. Ушунча эмгектен Айкөл Нурланбек уулунун  “Мээрман” аттуу эмгеги менен үчүнчү орунду ээлеген. Жеңүүчү буларды айтып берген:

Менин азыр байге алган “Мээрман” аттуу тасмам – тырмак алды эмгегим. Буга чейин бул тасмам Кыргызстанда эки фестивалга катышып, бирөөсүндө баш байгени, экинчисинде “көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” байгесин  жеңген. Ал эми үчүнчү фестивалда үчүнчү орунда алып жатат. Фестиваль мамлекеттен сырткаркы, 9 өлкө катышкан иш-чара болуп жатат. Албетте, мен кубанычтамын. Мен өзүмө сөз берген элем: “Эгерде мен тарткан тасмалар жакшы орунга татыктуу болсо мен ушул багытка көңүл коём, күчүмдү жумшайм” – деп. Төлгөм оңунан чыгып жатат. Демек, алдыда дагы иштер бар. Мага дем берди. Ал эми фестиваль ушул сыяктуу фестивалдар биздин өнөрүбүздүн, чыгармачылыгыбыздын өркүндөшүнө чоң салым кошоорун белгилеп кетсем.  Эки категориядагы сынактын бир болушу – абдан жакшы жөрөлгө. Себеби бир маалда эле улуу муун менен  жаштар биригип, бири-бири менен баарлашат, бири-биринин ийгилигин, дүйнөгө көз карашын бөлүшөт. Муундар арасындагы байланыш  бекемдейт. Бул жердеги  атмосферанын өзү эле мен үчүн кымбат. 

Ошондой эле, ал алдыдагы пландарын айтып берген. Анын бири — Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сапатын, жанрын көтөрүү. «Албетте, ар бир өлкөнүн чыгармачылык стили бар. Мен ошону байкадым. Мен үчүн даректүү тасмалардын жана көркөм тасмалардын чеги да кызыктуу көрүнүш«,-деп билдирген Айкөл Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жалпы жамаатына, тасманын көркөм жетекчиси Стамбулбек Мамбеталиевге ыраазычылыгын билдирген.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.