Ысык-Көлдүн кызы, Таластын келини Назгүл Мамытова жана эки мыкты журналист тууралуу…

Ысык-Көлдүн кызы, Таластын келини Назгүл Мамытова жана эки мыкты журналист тууралуу…

Бүгүнкү (17-октябрда) БШКнын билдирүүсүнө караганда, депутаттыкка аттангандардын арызын, документтерин текшерүү боюнча каттоо 29-октябрда аяктайт. Бир мандаттуу округдан 381 арыз таштагандардын 51и талапкер болуп катталды. 381дин 31и аял, 350сү эркек. Ысык-Көл облусунан аял талапкерлери көп чыккан.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунан парламенттик шайлоого аттанган журналист Назгүл Мамытова. Кесиптешимди сөз кылаардан мурда, эки гений ага-ини тууралуу кеп кылууну эп көрдүм.

Эсте калган Эшимкановдор…

Журналист дегенде эле Кыргыз эркин журналистикасына жол салып кеткен, мыкты журналист, мыкты редактор катары журналисттердин эсинде калып, азыркыга чейин аты аталып келаткан Мелис Эшимканов менен котормочу, акын,  журналист Эрнис Асек уулу жана «Асаба» гезити эске түшөт. Мелис байкебизден ажыраганыбызга 10 жыл, Эрниске 1 жыл 8 ай 17 күн болду.

«Асаба» «Асаба» болуп турганда, ал гезитке жумушка кирүү кыйын эле. Катуу окурман болдук. Нан албай, гезит сатып алып, андагы алп акын, жазуучу, журналисттердин жазгандарын тамшанып окучубуз. Сыртынан анда иштегендерге суктанчубуз. Анткени аларга мыкты шарттарды түзүп берген Мелис байке эле. Айлык жакшы, маяна алуу убагында, эс алуу жайлар жана башка дегендей… Биз бир кабинетке тыгылып, бир компьютерге кезекке туруп иштеп жатканда, алардын ар биринин алдында компьютер бар эле. Иш бөлмө тургай, бильярд ойночу да бөлмөсү бар болчу. Атүгүл, аларды кайтарган кароолчусу да бар эле. Узун коридор… Кат, арыз жазып көтөрүп барган окурмандар… Мелис Эшимкановду же Эрнис Асек уулун издеген эл… Мен да далай жолу издеп барып аларга жолуга албай койгом. Ушул эки асыл адамдын гезитинде иштеп, алардан кыска, нуска, курч, мурч жазганды, тема, рубрика койгонду үйрөнүп, кеп-кеңешин, айткан акылын угуп калайын деп далай далалат жасадым го… Кийин ушул максатымды Эрниске айтсам, «Сени дароо эле ишке алмакпыз, бирок, экөөбүз баш кошпой калмакпыз. Анда менин башым бош эмес болчу…»,- деп жатпайбы… Көрсө, Кудай баарын тууралайт турбайбы… Бир кезде сыртынан суктанган Эшимкановдордун бири кайын агам, бири жолдошум болуп калат деп, экөөнүн бала кезден бери жазган кол жазмалары менин колумда калат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Эрнисим каза болгондон кийин сары чемоданын ачып, кол жазмаларын окуп алып, «кандай гана мыкты жазмакерлер болгон…» деп аябай боздодум… Эми анын баары китепке айланганы турат, буйруса. Агабыздын журналисттерге кандай кам көргөнүн, ким ким аркылуу жумушка келгенин, кимисине агасы кандай жардам кылганын, канча акча бергенин энциклопедия Эрнисимдин кол жазмасынан, бүтпөй калган «КАГЫНДЫЛАРынан» окудум. Аны эми аны Эрнис АСЕК уулу аттуу китептен окуйсуздар!

Ыраматылык чоң энем: «Бекерчиден безе кач, билимдүүнү ээрчий бас! Жакшы адам көргөнүн айтат, жаман адам ичкен-жегенин айтат. Илимдүү, билимдүү адам менен жеген тамагыңды айтпай, айткан акылдарын айтып, сага кылган жакшылыгын унутпай, жаза жүр, кызым!»,-деп көп айтаар эле. Ошондон уламбы, айтор, келечектеги күйөөмдү илимдүү, билимдүү элестетип, ошондой адамды издедим. Акыры таптым, болгондо да акылы алдыга кетип калган адамга жолуктум. Мелис байке «Старик» деп бекер атабаптыр деп калам…

«Агамды сыртынан билгендер туура эмес жазып жатышат. Агам аска эле бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да эле өсүп турган. «Мелис Эшимканов» деген китепти даярдап жатып байкемди мен билгендей, мен туйгандай эч ким болбогонуна көзүм жетти»,-деп оор үшкүрүп калаар эле… Чындап эле Эрнистей Мелис байкени жакындан эч ким билбейт!  «Мелис Эшимканов» деген китеп баштап калды эле…

Дагы бир мыкты журналист, акын Алым Токтомушев агабыз каза болгондо байым: «Жакшы көргөн, сыйлаган кишисинин көзү өтүп кетсе эле, «кабыргам сынып эле келатат, сынып эле келатат, кабыргам деле калбай калды көрүнөт» деп калчу Алыке. Эми өзү биздин кабыргабызды сындырып кетпедиби..» деп «Баягы Асабага» жазганы бар.

Эрнисим да эрте кетип кабыргабызды сындырып кетпедиби…

Назгүл МАМЫТОВА: «Элдик кыз болгум келет»

Эми Назгүл Мамытовага келсек, анын мага ыймандуулугу жагат. Улууга урмат, кичүүгө ызаат кылганды билет. Айрым жаштардай болуп төргө барып отуруп албайт. Көзү өткөндөрдү жамандабайт, жакшы гана сөз жазат. Жолуккан сайын Мелис байке, Эрнисти сыймыктануу менен айтып калат, жүрөктү жылытып…

Эрнис «Баягы Асаба» гезитибизди чыгарып жатканда, 7-ноябрь — журналисттердин кесиптик майрамына карата гезиттин редакторлорун чыгарууну мага тапшырып калды. 2013-жыл болчу. Бир топ редакторлор менен ат жалында маек куруп, 2 полоса кылып бергенбиз.

Андагы «Ачык саясат плюс» гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованын жообу:

— Назгүл, жетекчи болуш кыйынбы же кабарчы болушпу?

— Кабарчы болуш мен үчүн өтө кыйын болгон. Редактор болуш андан эки эсе кыйнчылыкты жаратат экен. Гезиттин финансылык каражаттарынын өзүм көтөрүп жатам. Андан тышкары, ар бир журналисттин кыялына жараша иш алып баруу эң татаал. Азыркы жаш журналисттердин көз карашы башкача, амбициясы күчтүү.

— Өзүндүн амбицияңчы? Келечекте кызматка баргың келеби?

— Мамлекеттик кызматка баргым келет деп айта албайм. Бирок коомдук иштерге активдүү катышып, элдик кыз болгум келет. Акырындап элге кызмат кыла баштадым. Өзүмдүн туулуп-өскөн Ысык-Көл райондагы Семеновка айылдык кеңешинде депутатмын. Жакында эле айылдаштарым мага чоң ишеним артып, «Кожояр-Ата» аттуу коомдук фонддун төрайымы кылып шайлашты. Учурда Садыр Акенин айкелин тургузуу үчүн айылдаштарым менен чогуу чуркап жүрөм.

— Сенин гезитиң өзгөчө органдагы адамдарды чымчыйт. Алар чычалап чалбайбы?

— Ооба, чычалап да, ыраазычылык билдирип да чалышат. Ыраазы билдиргендер – сержант, старшиналар. Ал эми милициянын кээ бир жетекчилери сынды көтөрө албай, «мен силерди сотко берем» деп кыйкырышат. Бирок, андай маселелерди дипломатиялык жол менен тез эле чечип коебуз. Азыр биз, чындыкты жазып, кыргыз милициясын көтөрүшүбүз керек!

«Баягы Асаба», 2013-жыл

Устат. Карьера. Жууркан…

Назгүлдүн журналисттик карьерасы «Алиби» гезитинен башталганын, устаты Бабырбек Жээнбеков болгонун айтып да, жазып да келет. Экөөбүз «Алиби» гезитинин редакциясынан таанышканбыз. Бул гезиттин ээси юрист, журналист, акын Бабырбек Жээнбеков оппозиция да, кызматта да жүрүп, чындыкты гана айтып өттү. Назгүлдүн саясатка кызыгуусу да Бабырбек агабыздын кадамынан, дал ушул гезиттен башталды окшойт. Жакында эле агабыз тууралуу эскердик, жоктодук… Андагы эскерүүдө көп нерсе айтылды…Бабырбек байке тууралуу айтчу, жазчу нерселер али алдыда….

Азыр талапкер тууралуу айтайын деп турам. «Алибинин» редакциясында көп конуп калган Назгүл болчу. Редакцияга бир матрац менен жууркан, жаздык алып келип коюптур. Ага Салима экөөбүздүн да жаткан күндөрүбүз болгон…

Конуп калып жүрүп, бөйрөк оорулуу да болуп калды. Көп дарыланды… Сокулуктагы саясатчыларга өз акчасы менен барып интервью алып келчү. Ошентип такшалып, акыры редактор болду. Таласка келин болду. «Таластыктар кандай экен?»,-десем,  «жакшы экен» деп жылмайды. Ары жооптуу, ары кооптуу кызматка аттанып жаткан келиниме ийгилик каалайм!

«Даканса» барабыз!»

«№36 Ысык-Көл шайлоо округуна бир мандаттууга талапкерлигимди койдум. Көпкө ойлонуп, жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алдык! Болгон аракетти жумшап, Кудайым буюрса «даканса» барабыз! Эч кимге, эч бир саясий топко көз каранды эмес эркинмин!»,-деп БШКга арыз таштаган күнү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Даканса» барып, «даканса» таза депутат бол! Кнопка баспаган, акчага сатылбаган, мыкты мыйзам жазган эл өкүлү бол! Мелис байкедей мыкты депутат бол! Эрнистей таза адам бол!

Тазалык тууралуу Эрнисим «Кубаныч илиминде» айткан. Ошону сага тартуулайм:

Аралаш шайлоо системасы…

Быйылкы шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга быйыл, 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жакында үгүт иши башталат.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.