ЖАПАРОВ: «Бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек!»

ЖАПАРОВ: «Бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек!»

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров кызматкерлери менен кечээ, 16-октябрда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн, буга чейин президенттин жана өкмөттүн администрациясында иш кандай жүргүзүлгөнүн жакшы билээрин баса белгилеп, Президенттик администрациянын түзүмү кайра карала турганын билдирген.

Ошондой эле, ал иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам, натыйжалуу чечимдердин кабыл алып, бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керектигин билдирген.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга 11-октябрда кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин аппараты менен Президенттик администрациянын аппараты бириктирилген.

13-октябрда президенттин Жарлыгына ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Эдил Байсаловдун мыйзамсыз кызматка дайындалышы тууралуу “Ата Мекен” партиясы 15-октябрда айтып чыккан. Бул жердеги ШИЛТЕМЕни басыныз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.