Электр, жылуулук тарифтери жарыяланды. Министрлер кабинети тарифти кымбаттаттыбы же арзандаттыбы?..

Электр, жылуулук тарифтери жарыяланды. Министрлер кабинети тарифти кымбаттаттыбы же арзандаттыбы?..

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

— жылуулук энергиясы — 1 802 сом/Гкал;

— ысык суу менен камсыздоо — 1 802 сом/Гкалды түзөт.

Эки Жапаровдун саясаты…

Белгилей кетсек, бийлик ушул жылы апрелде электр энергиясына жаңы тариф саясатын иштеп чыккан. Тагырагы, президент Садыр Жапаров апрель айында электр энергиясына тарифти көтөрүүнү сунуш кылган. Жаңы тариф саясаты августка чейин коомдук талкууга коюлуп, чечим кабыл алына тургандыгы айтылган. Анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбат бааны сунушталган. Бирок ал сунуш ишке ашпай калган. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга 11-октябрда кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин аппараты менен Президенттик администрациянын аппараты бириктирилген.

13-октябрда президенттин Жарлыгына ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “Электр, жылуулук тарифтери жарыяланды. Министрлер кабинети тарифти кымбаттаттыбы же арзандаттыбы?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.