80 адам расмий талапкер болуп катталганын БШК билдирди. Оо-уу, кимдер келаткан, ыя!? (Тизме)

80 адам расмий талапкер болуп катталганын БШК билдирди. Оо-уу, кимдер келаткан, ыя!? (Тизме)

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандын саны 381 адам болгонун буга чейин БШК билдирген. Алардын ичинен 80и расмий талапкер катары катталганын расмий сайтына кечээ, 18-октябрда жарыялады. Тизмеде кимдер гана жок: мурда, кийинки депутаттар да бар. ШИЛТЕМЕни бассаңыз, тизмени окуй аласыз!

Аралаш шайлоо системасы…

Быйылкы шайлоонун системасы өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга быйыл, 27-августта кол койгон. Ал мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Тагыраак айтканда, парламентте 90 депутат келет. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

БШКнын айтымында…

Бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну кечээ, 18-октябрда кечки саат 18:00до токтотконун БШК билдирди. Алардын айтымында, 75 партиянын ичинен 21 партия катталган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.