7 акени жазган тарыхчы, санжырачы Кашымбек Асанбеков Ысык-Көлдө эскерилет

7 акени жазган тарыхчы, санжырачы Кашымбек Асанбеков Ысык-Көлдө эскерилет

Белгилүү тарыхчы, санжырачы Кашымбек Асанбековдун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китебинин бет ачары жана авторду эскерүү кечеси 24-октябрда Дархан айылында өтөт. Бул тууралуу маркумдун кызы Салтанат Асанбекова бүгүн, 19-октябрда, билдирди.

Анын айтымында, атасынын 80 жылдык юбилейине карата китептин бет ачары болот. Эскерүүгө белгилүү тарыхчылар, санжырачылар, саясатчылар чакырылган.

«Атам былтыр, 24-августта 79 жашында оорудан көз жумду. Мыкты жар, мыкты ата эле. Атабыз Ысык-Көлдүн белгилүү, ардактуу атуулу, тажрыйбалуу тарыхчы, санжырачы, комузчу, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору. Атамдын артында эмгеги калды. Опол тоодой эмгектерин кийинки муунга жеткирүү — эми биздин милдет.

Кыргыздын сүйүктүү элдик атуулу, тунук акылдуу, терең билимдүу, таланттуу, эмгекчил жана изденгич сапаттары менен айырмаланган, Карга акедей калыс, Акелердин мурастарын эл арасына жайылткан жана даңазалаган Атабыз биздин эсте ички дүйнөсү бай, кербез генийлик сапаттарга ээ, зыңгыраган мүнөздүү жана табылгыс адам, ошону менен бирге таза, ак жашап өткөн инсан катары калат! Жаркын элеси, урпактарга калтырып кеткен белектери түбөлүккө унутулбайт жана бизге ар дайым үлгү болот!«, — дейт Кашымбек атанын кызы Салтанат Асанбекова. 

Албетте, мындай адамдар басып өткөн жол, алар кылган эмгек — жалпыбыз үчүн өрнөк жол, үлгү тутар өмүр жол. Алардын мурасын сактоо, жайылтуу, муундан муунга өткөрүү — бир гана ушундай асыл адамдардын балдары эле эмес, жалпыбыздын да милдетибиз, парзыбыз…

Назира СААЛИЕВА

P. S. Уюштуруу тобунун тел: 0 702099539, 0 700240746

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.