Бир кезде «Лиглас» компаниясынын бетин Байсалов ачып чыкса, бүгүн Никитенко айтып чыкты…

Бир кезде «Лиглас» компаниясынын бетин Байсалов ачып чыкса, бүгүн Никитенко айтып чыкты…

Жаӊырган Министрлер кабинети кыштын жылуулук камылгасын башкача, тагырагы, эскиче көрүүгө камынгандай. Дегенибиз, Бишкек Жылуулук борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемеси чыгып, аны Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко «Фейсбуктагы» баракчасына чыгарды. Тескеме чоо-жайы боюнча «Электр станциялары» акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келмекчи болгон Hampton Resources Limited компаниясына берилет.

Маселе эмнеде? Жогоркудай стратегиялык маанилүү объектини жеке менчик чет элдик компанияга берилип жаткандыгында! Наталья Никитенко Министрлер кабинетинин бул чечимин сынга алып, казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы Кыргызстанда алгачкы ирет пайда болуп жатпаганын, буга чейин жыл башында, январь айында ошол кездеги вице премьер-министр Равшанбек Сабиров компаниянын өкүлдөрү менен жолукканын жазды.

Бийлик эмне дейт?

Президенттин расмий сайтына бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыкты. Андагы маалыматта мындай деп жазылган: «Президент Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максаттагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, кара түтүн боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Министрлер кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүүдө«.

Сөздүн төркүнү, стратегиялык маанилүү объектини тейлөөнү сырттан келген компаниянын колго алышы экономикалык, экологиялык маселелерибизди чечүүнүн «натыйжалуу чараларынын» бири…

Министрлер кабинети эмне дейт?

Бир аз артка сереп салсак, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусуна иш сапары менен барган. Ал жердеги иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын иши менен таанышканы, кийин «Ко» маркасындагы көмүрдү алуу сунушталганы кабарланган болчу.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Hampton Resources Limited компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү «Азаттыкка» көмүр алып келүү тууралуу кызматташтык маалыматы чын экенин: «Ооба, биз ушул күз айларында Кыргызстанга ири өлчөмдө көмүр жеткирдик. Бирок, учурда кыргыз тараптан көмүрдүн сапаты туура келеби-келбейби, тастыктоо күтүп жатабыз. Азырынча комментарий бере албайм«, — деп тастыктап бериптир…

Күмөндүү компания, күдүк ойлор

Жогоруда аталган компания Карагандадан көмүр ташыйт. Ачык маалымат булактарында, Hampton Resources Limited мекемесинин кеңсеси Лондондогу дарек менен көрсөтүлүп, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Казакстанда бир катар компаниялар менен кызматташары жазылган.

А бизде, Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш айлары үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы — жергиликтүү Кара-Кече көмүрү, калганы Казакстандан импорттолот. Андан тышкары, “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн…

Баса, кыстырма кылып айта кетели, эсиңиздердеби, 2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калганбыз. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча «Коррупция» беренеси менен кыйла кылмыш иштери козголуп, мурдагы жетекчилердин бир канчасы соттолгон!..

Эдил Байсалов 2017-жылдагы бийликтин катасын унутпаса керек?

Эми Эдил Байсаловго келели. Кеп Hampton Resources Limited компаниясына кыйыр байланышта болот. Канткен менен, азыр Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп отурган Эдил Байсалов жогорудагы күмөндүү компаниянын буга чейинки иштерин унутпаса керек дейбиз?! Себеп дегенде, сырттан келген компаниялардын арты таза эместери болорун ал жакшы билет. Маселен, 2017-жылы Нарын каскадында эки ГЭСти жана сегиз чакан ГЭСтерди курабыз деген чехиялык Liglass Trading компаниясы шылуун экенин айтып чыкканы эсибизде. Анда ажо Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эле. Ал кезде Эдил Байсалов шылуундардын да, андагы бийликтин да кимдер менен иштеп жатканынын бетин ачып, айтып эле койбой, Liglass Trading компаниясынын ар бир кадамын факт менен далилдеген макала жазып да чыккан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Бул маселе боюнча спикер эмне дейт?

Жогоруда аты аталган адамдар азыр кайда? Атамбаев менен Зилалиев абакта, Сапар Исаков Кыргызстандан чыгып кеткен боюнча кайда экени белгисиз. Аны издеп таап, жоопко тартууну бийлик деле унутуп койгондой…

2018-жылы Сапар Исаков үч парламенттик фракциянын жыйынына бир жылдык отчетун берген. Отчет аягында андагы депутат, азыркы спикер Талант Мамытов чехиялык “Лиглас” компаниясы менен болгон келишимде Сапар Исаков чекилик кетиргенин айтып чыккан. А бүгүнчү, унчукпайт го?!

Андагы маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Шайлоодо жаңылбайлычы, кыргыз элим!

Кыскасы, кызыктай эле кырдаал түзүлдү. Бийлик болсо баягыдай эле «баары жакшы» дейт. Кечээ эле кызматта жокто бийликти сындаган адамдар бийликке келгенде таптакыр башкача «сайрай» башташты. Эл кимге ишенээрин да билбей калды. Бирок, барып-келип бийлик элдин колунда. Дегеним, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Шайлоодо эл, жерди ойлогон, бийликтен коркпогон жаңы жүздөр, Никитенкого окшогон таза депутаттар парламентке келиши керек! Бу жолу 29-ноябрдагы шайлоодо эл өкүлүн тандоодон жаңылбайлычы, кыргыз элим!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.