Баткенде 31 үй пайдаланууга берүү алдында турат

Баткенде 31 үй пайдаланууга берүү алдында турат

Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында дагы 31 үй жакынкы күндөрү толук бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков «Азаттык» радиосуна билдирди.

Баткендеги жаңы курулган үйлөр

Курбанбековдун айтымында, быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулууда. Анын ичинен 100 үй Лейлек районунда толугу менен бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылында тогуз үй бүткөрүлүп, 18-октябрда пайдаланууга берилген.

Эске сала кетсек, ушул жылы 28-30-апрелден 1-майга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы бир тараптуу куралдуу кол салууда жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Бирок аларды калыбына келтирүү үчүн өзүбүз атайын эсеп ачып, карапайым эл, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө окуп-иштеп жүргөн жарандарыбыз жиберген акча ошол эсепке түшүп, натыйжада жалпы 119 млн. 695 миң 848 сом чогулганы кабарланган эле.

Ошол чек арадагы мекендештерибизге кайгы, ый алып келген бир тараптуу куралдуу кол салууда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тарап 19 киши өлүп, 87си жарадар болгонун расмий кабарлап чыккан болчу. Эки өлкөдө бири-бирин айыптоолор орун алып, кылмыш иштери да козголгон.

А чынында кол салуу кай тараптан болгонун биз эле эмес, эл аралык коомчулук да, кошуналар да билет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.