Чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлук менен кармалды. Алар кимдер?

Чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлук менен кармалды. Алар кимдер?

УКМК алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, кармалган жетекчилер чек арадан өткөн адамдарды, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турушкан. Алар: чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев. Алар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесиндеги «Адамдардын тобу тарабынан пара алуу» пункту боюнча иликтөө жүрүп жатыптыр.

Белгилей кетсек, быйыл июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Чек ара кызматы андай сын-пикир, арызданууларды «куру доомат» деп четке кагып келатышкан эле, андай эмес экен, аныгын УКМК аныктаптыр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.