Президент Садыр Жапаровду Кыргызпатент каякка чакырды?

Президент Садыр Жапаровду Кыргызпатент каякка чакырды?

Кыргызстанда Мамлекеттик инновациялык борбордун алгачкы расмий ачылыш аземи 27-октябрда, Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 58 Ада өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда, Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мындай иш-чараны Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) уюштурууда. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик ведоствосунун жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, региондогу патенттик ведомстволордун, дипломаттар корпусунун өкүлдөрү,  инновациялар жана креативдүү экономика, IT-технологиялар  боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, стартапчылар жана Кыргызпатенттин өнөктөштөрү катышат.

Инновациялык борбор боюнча маалымат бере кетсек, ал Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Акыркы 4 жылдын ичинде китепкананын кагаз фонду санариптештирилип, пайдалануучуларга фонддогу патенттик адабияттарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Китепкананын бошотулган бөлмөлөрү Инновациялык борбордун төмөнкү компоненттерине кайра жабдылган: Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab — балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг-зона,  конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд.

Инновациялык борбордун расмий ачылышынын алкагында “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” эл аралык форуму өткөрүлөт. Форум инновациялар экосистемасын түптөөнүн келечегин талкуулаган негизги аянтча болуп берет жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасы жаатындагы өкүлдөрдүн, региондогу патенттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эксперттердин сунушу менен Инновациялык борборду өнүктүрүүнүн жол картасын жана планын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.