Садыр ЖАПАРОВ: «Энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарга карата чыгууну пландап жатабыз»

Садыр ЖАПАРОВ: «Энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарга карата чыгууну пландап жатабыз»

Кыргызстан энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарга карата чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы каатчылыктан кантип чыгуунун жолдорун айкан жок. Бирок өлкөдө электр энергиясын импорттоо быйыл эле эмес, 2014-жылы башталганын баса белгиледи. «2014-жылдан бери 5 сомдон сатып алып, калкка 77 тыйындан сатып келишкен. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен бир нече миллиард каражат кетип турган. Азыр биз 2 сомдон алып жатабыз. Энергетика министри менин тапшырмам менен калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Жарандар үнөмдөбөй жатышат, анткени ал арзан. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек«, — деди президент.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр кубаты импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр энергиясын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда.

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялаган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.