Өзбекстан «Талибан» өкмөтүн кандай шартта тааный турганын билдирди

Өзбекстан «Талибан» өкмөтүн кандай шартта тааный турганын билдирди

Ташкент Ооганстан коомунда бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда мамлекеттик түзүм куроо шарты менен талибдердин бийлигин тааныйт. Бул тууралуу кечээ, 20-октябрда Москвада Өзбекстан президентинин Ооганстандагы атайын өкүлү Исматулла Иргашев билдирди.

Москвада шаршемби күнү башталган Ооганстан боюнча кеңешмеге он өлкөнүн, анын ичинде Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда.

Иргашев Өзбекстан “Талибан” өкмөтүн өлкөдөгү бардык тараптын өкүлдөрүн канааттандырган, Доха келишими сыяктуу милдеттенмелерин аткарган, эркектер менен аялдардын негизги укуктары камсыздалган, Ооганстанды террористтердин колдонуусуна жол берилбеген шартта тааный турганын белгиледи.

Өзбекстан президентинин атайын өкүлү Ташкент азыр талибдер курган убактылуу өкмөттү таанууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүк көрбөй турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Өзбекстандын расмий адамдары де-юре “Талибан” өкмөтүн тааныбаганы менен, де-факто активдүү кызматташууну да четке каккан жок. Маселен, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов баштаган өзбек делегациясы 7-октябрда «Талибандын» расмий адамдары менен сүйлөшүү үчүн Ооганстанга барган. Абдул Салам Ханафи баштаган талибдердин делегациясы 16-октябрда Термезде Өзбекстан өкүлдөрү менен жолуккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.