Жоголгон жигиттин жансыз денеси табылды. Кылмышка шектелип ага-ини кармалды…

Жоголгон жигиттин жансыз денеси табылды. Кылмышка шектелип ага-ини кармалды…
 Дайынсыз кетип, изделип, сөөгү табылган маркум Жигитали Темирбаев…

Баткен районунун Бужум айылында дайынсыз жоголуп изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда, билдирди.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев 17-октябрда болжол менен кечки саат 22:30до үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Анын бир тууган эжеси 19-октябрда арыз менен милицияга кайрылган. Арыз катталып, издөө иштери жүрө баштаган. Бирок жоголгон жигит тирүү табылбай, сөөгү Өрүкзар көчөсүндөгү үйдүн дааратканасынан табылып, киши колдуу болгону билинип, кылмышка шектүү катары ошол айылдагы бир тууган ага-ини (31 жаштагы И.М. менен 28 жаштагы бир тууган иниси Ж.Н.) кармалып, камалган. Айрым маалыматтар боюнча, бул ага-ини Жигиталинин кайнагалары болушкан жана алар барган кылмышка Жигитали менен жубайынын ортосунда чыккан уруш себеп болгон окшойт.

Бул окуя боюнча кылмыш иши «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлүп,  тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат дешти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.