ЖАПАРОВ: «Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы. Ташиев же мен басып алдымбы?»

ЖАПАРОВ: «Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы. Ташиев же мен басып алдымбы?»

Бүгүн, 23-октябрда, өлкө башчысы Садыр Жапаров мурдагы ажолордон калган салтты карманып басма сөз жыйын өткөрдү, бир жылдык отчетун берди. Эмне кеп болду, кандай суроолор берилди, кандай жооптор алынды — аны бир канча маалымат булактары берди. Биз болсо,  «Азаттыктын» түз эфиринен уктук. Президент бир аз сыркоолоп калганын айтып, кесиптештерибизден бүгүнкү жыйынды так, туура жеткирүүнү суранды. Ал сураныч негизги биздин вазийпаларыбыздын бири да деп, ажонун жоопторун дүӊүнөн эмес, четинен айтылган абалында жеткирип турабыз…

Адаттагыдай жыйын башы президенттин отчет-доклады менен башталды, андан кийин журналисттер, мурун тамашалап калгандай, камдап берген эмес, камдай келген тийиштүү суроолорун беришти. Баткендеги чек ара маселеси, Октябрь окуясы, Матраимов маселеси, Ооганстандагы этникалык кыргыздар, айтор, соӊку өзөктүү окуялардын алкагында суроолор жаады, жооптор алынды…

Ар тараптуу суроолордун бири “Азаттык” радиосунун журналистинен саясий куугунтук тууралуу болду, ага мындай жооп айтылды:

Саясий куугунтук эмес. Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы?

“Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып, “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса, ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр. 

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров алгачкы басма сөз жыйынын президенттин милдетин аткарып турганда, 2020-жылы 12-ноябрда өткөргөн болчу.

Маалымат жыйынын толук чыгарылышын ЭлТР тарткан видеодон көрсөңүздөр болот.

Октябрь окуясы…

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, шайлоочулар нааразы болуп Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Аягында митингчилерди күч менен таратуу аракетинде милиция менен элдин кагылышуусу болуп, кулак тундуруучу жардыргычтан бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек каза болгон.

Анан эле Ак үй, УКМК алынып, абактагы бир катар белгилүү адамдар бошотулуп, алардын ичинде кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров да болгон…

Ошентип, бир заматта ушундай тарыхый бурулуш болуп кеткен: 6- октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган) чогулуп жыйын өткөрүп, анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Андагы жыйында Садыр Жапаровдун соттон акталганы айтылган. Бирок, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалышы 10-октябрда кайра каралып, токтом чыгып, ал президентке жөнөтүлгөн болчу. Президент «кворум жок болгондуктан, ал легитимсиз» деп кайра карап чыгууга токтомду артка кайтарган.

14-октябрда  90 депутаттын колдоосу менен Садыр Жапаров мыйзамдуу түрдө премьер-министр болуп дайындалган. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына VI чакырылыштагы ЖКнын 120 депутатынын 83ү (8 депутаттын добушу ишеним каттар менен келген) бир добуштан колдоп шайлап беришкен.

Тагдыр тамашасы…

15-октябрда, андагы президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын жыйыштырып, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен. Тагдыр тамашасын кара, 2017-жылы 15-октябрда андагы кан досу Алмазбек Атамбаевдин ак батасы менен президент болуп келип, 2020-жылы дал ошол күнү —  15-октябрда кызматынан кетип отурат. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, бийликтин эки чылбыр, бир тизгинин колуна алганын айткан. Тагырагы, президенттин милдетин аткара турганын жарыя кылган эле.

2021-жылы 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум болуп өткөн. Анда Садыр Жапаров — 79,24% добуш алып жеӊишке жеткен. Ошондой эле шайлоочулар 81,27% менен президенттик башкарууну тандап добуш берип; парламенттик башкарууну жактагандар — 10,82% болгон…

Айтмакчы, президенттин «…Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса?… …Чакырык жасап жатса, ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи?»… дегенине токтолсок, сентябрь айында интернетке «… жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деп жатышыптыр, чара көрүӊүз» сындуу бир нече маданият ишмерлеринин атынан жазылган кайрылуу кат чыгып, талкуу жараткан. Көп узабай бир катар депутат, депутат эмес саясатчылар четинен суракка чакырылып, айрымдары камакка алынган болчу… Ошол кайрылууга кол койгон, кол коюуга телефон аркылуу макул болгон маданий ишмерлердин башында аты-жөнү жазылып жүргөн Сонунбү Кадырова: «кайрылуу башкача жазылган болчу,  мазмуну бурмаланган» деп чыккан. Ошол ошол болуп, айыпталгандар өздөрү, айрымдарынын жактоочулары «жалган» атаган, интернетке тараган маалыматтын чын-төгүнү канчалык экени билине электе, Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, камакка алынып, Тергөө кызматы атайын токтом менен үйүн тинтүүгө алышкан. Тинтүүгө уруксат берген токтомдо: «ИИМдин Тергөө кызматына 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга байланыштуу материалдар келип түшкөн, аны иликтөөнүн жүрүшүндө А.Атамбаев, К. Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана башкалар ок атуучу курал-жарактарды колдонуу менен Конституцияны бузуп, бийликти күч менен басып алууга аракеттенип жүргөнү аныкталды» деп жазылганы айтылган эле…

Кыскасы, бийликти басып алууга чакырык боюнча Курсан Асанов менен катар Туйгуналы АбдраимовБакыт ЖетигеновЖанар АкаевАзамат МусакеевИсмаил ИсаковАкматбек КелдибековАлтынбек СулаймановЖылдызкан Жолдошева ж.б. аттуу-баштуу адамдардын аты-жөндөрү аталып, сурак бергени да, суракка барбаганы да «абсурд, курулай жалаа, өзүм билемдик, мыйзам бузуу, коркутуу, укуктук баа берилиши керек» деп чыгышкан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

3 thoughts on “ЖАПАРОВ: «Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы. Ташиев же мен басып алдымбы?»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.