ВИДЕО — «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу китептин автору Дарханда эскерилди…

ВИДЕО — «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу китептин автору Дарханда эскерилди…

Эсен болуп, эстей жүр!

Ысык-Көлдүн белгилүү, ардактуу атуулу, тажрыйбалуу тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин Ардактуу профессору маркум Кашымбек Асанбеков туулуп-өскөн жери Дархан айылында кечээ, 24-октябрда, эскерилди. «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китебинин бет ачары болуп өттү.

Эскерүүгө автордун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» китебин орус тилине которгон Кыргыз Улуттук жана Россия Жазуучулар союзунун мүчөсү, Орус адабиятынын эл аралык академиясынын академиги Мусакун Сатыбалдиев, Тарыхчылар ассоциациясынын президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов, Каракол шаарынын вице-мэри Сейит Өскөнбаев, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалимдери Жеңиш Керимкулов, Нургүл Ишенбекова, кафедра башчысы Каниет Кылчыкбаев жана Адыл Каниметов, Дархан айылынын аксакалдары, достору Молдогазиев Кеңеш, Жумабеков Болотбек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева жана айыл тургундары, туугандары катышты.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ: «Кашымбек Асанбеков Карга акени архивдик маалыматтар менен тастыктаган»

Кашымбек Асанбековдун «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери» аттуу китебин орус тилине академик Мусакун Сатыбалдиев 2 айда эле которуп коюптур. Баш сөзүн да жазыптыр. Анда ал буга чейин айрым адамдардын АКЕ тууралуу жазылган макалалары, чакан эмгектери жарык көргөнүн, бирок, алардын көпчүлүгү тарыхый чындыкка коошпогонун, имиш, уламыштын негизинде жазылганын айтыптыр. Ал эми Кашымбек ата болсо тарыхый, илимий, архивдик документтер менен тастыктап, мурда көпчүлүккө белгилүү боло бербеген фото-сүрөттөрдү издеп таап, пайдаланган опол тоодой эмгегин баса белгилептир.

Мен Мусакун агабыздын жазгандарына толугу менен кошулам. Себеби, бул китеп кызыктуу, далилдүү жазылыптыр. Биз мурда көрбөгөн фото-сүрөттөр камтылыптыр. Жакында бул китепти биздин сайттан окуй баштайсыздар. Анан салыштыруу менен кимдикин ким уурдап алганын аныктай аласыздар. Дегеним, Кашымбек Асанбеков Москвага чейин барып изилдеп жазган Карга аке тууралуу маалыматты уурдап, бурмалап, диссертациясын жактап, профессор болгондор да бар…

Дарханга жеткенче тарыхый инсандардын баяны…

Карга акенин уурдалып жазылганы тууралуу Бишкектен Дарханга чейин бир машинада чогуу барган Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Өскөн Осмонов агайдан да сурадым. «Андайлар да бар» деген агайыбыз жол катар айкели турган тарыхый баатырлардын тарыхын жана кызыктуу окуяларды айтып берди. Алсак, учкуч Юрий Гагариндин Ысык-Көлгө учуп келип конок болгону, эстелигинин туруп калышы кызык экен. Ал тууралуу да жакында сайтка жарыяланат.

Бердике менен Атаке баатыр атайы Таластан чакырылып, жоокерлери менен Чүй, Кеминден баскынчыларды сүрүп чыгарып, Ысык-Көлдүн тескейин бошотушканын, ошол бойдон Ысык-Көлгө отурукташып калган таластык саруу туугандар тууралуу айтып берди. Кызыгы, Бердике баатыр көчүп кеткенден кийин чечилген боз үйдүн ордуна жапжашыл болуп өсүп чыккан чөптүн алигүнчө сакталып турганы болду. Андан тышкары, агай Торгой баатыр менен Карга акенин ысымдарынын кандайча аталып калганы тууралуу жана башка дагы толтура тарыхый окуяларды баяндап берди. «Карга 300 жыл жашайт эмеспи, эми ошонун атынан коюлган Карга аке 110 жашка чыгып каза болгон да»,-дейт агай. Илгерки ата-бабаларыбыз эмнени көрсө ошонун атынан балдарынын атын кое беришчү эмес беле. Агайдын айтымында, Карга аке жарык дүйнөгө келгенде, ат таппай отурганда, боз үйдүн үстүнө каркылдап карга учуп келип конуптур, «Каргадай уулубуздун өмүрү узун болсун» деп ырымдап ысым ыйгарышкан экен.

Баса, ал ортодо агай мага «Садыр Жапаров – элдин үмүтү» аттуу чакан китебин белек кылды. Ичин окусам, президенттин ата-теги боюнча ой-пикири жазылыптыр. «Садыр Жапаров Турдакун Усубалиев менен тектешпи?» деген тырнактай макаласы бар экен. Бул кызыктуу маалымат дагы жакында биздин сайтка жарыяланат.

Агайдын айткандарын угуп баратып, ичимден жолдошум Эрнисти эстеп, тызылдап бараттым. Себеп дегенде, байым да илимге, билимге суугарылган, тарыхты мыкты билген жан эле. Алмадай башына 1000 китепти батырып алган адам болчу. Ошону четинен мага айтып берээр эле… Асыл адамымдан ажырагандан бери бай маалыматтарды уга элек элем…

Байымдын «Каалга» аттуу ыр китебин агайга белекке берип, мукабадагы сүрөттү айтылуу карикатурист Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) тартканын айтсам, агай экөө жердиш болуп чыгып жатпайбы. Чүй облусундагы Онбиржылгадан… Анан айылынын тарыхын айтып берди…

Ошентип Дарханга кантип жеткенибизди билбей калдык. Кызыгы, эч бир айылда жок кар Дархан айылында бар экен. Бирок, күн ачык экен. Чарбагындагы алма бакка асылып алып алма терип жаткан эле адамдар…

Апабыздын ак батасы

Кашымбек атабыздын куттуу үйүнө жетип, байбичеси, уул-кыз, келиндери менен тааныштык. Апабыз ушунчалык жөнөкөй алтын адам экен. 7 акенин (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке) мурастарын абышкасы бир топ жыл архивди казып, изилдегени алгач «Ысык-Көлдүн жети акеси» аталышта 2018-жылы китеп болуп чыкканын айтты. «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аталышта эки тилде которулганын, учурда англис тилине которулуп жатканын, чалынын эмгеги айылга эле эмес, ааламга тарап жатканына кубанганын жашырган жок. Ушул эки китепке жооптуу редакторлук кылган тарыхчы Өскөн Осмонов агай экенин айтып, бизге китептерди белек кылып, батасын берди. Мен дагы Эрнисимдин «Каалгасын» белек кылдым. Аябай кубанып, «сөзсүз окуйм» деди.

Апабыз К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетинде абышкасы окуп жатканда Өскөн Осмонов ректор болгонун да айтып, буларды эстеди: «Биз Каракол шаарында кабаттуу үйдүн биринде жашап жатканда Өскөн келген. «Балдарыбыз сендей билимдүү болсун» деп кубансам, абышкам «жакында мен студент болом» дебеспи… Жашы өтүп калганда да окубадыбы. «Билим алуунун эрте, кечи жок» деп айтып калаар эле»,-деди.

Ал кезди агай да эстеп, 7 акени эл арасына жайылтып, кийинки муун үчүн опол тоодой эмгек кылып кеткенин, улуу даанышмандарды дүйнөгө таанытканын баса белгиледи. Ошондой эле, Кашымбек Асанбеков тарыхчыларга далилдеп берген Карга акени кыргыз, орус, англис тилдеринде которулган «Кыргыз тарыхы» окуу китебине киргизилгенин айтты. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон угуңуз.

Видеонун башында, алгач сөз берилген (ооруганына карабай, эскерүүгө келген) академик Мусакун Сатыбалдиев агабыз кыска гана сүйлөйт. «Кашымбек Асанбековдун китебин орус тилине котордум. Жакшы китеп болот деп ойлойм! Китептин бет ачары, эскерүү менен кошо ашын балдары өткөрүп жатышат. Жаткан жери жайлуу болсун!»,-деди агабыз.

Андан кийинки сөз алган профессор Өскөн Осмонов агайыбыз Кашымбек атабыздын кандидаттык диссертация ишин коргобой калганынын себебин айтып берди:

Эскерүү аягында тарыхчылар Кашымбек Асанбеков атабыздын ысымы Дархан айылындагы көчөнүн бирине беришили тууралуу маселени көтөрдү. Маркумдун уул-кыздары, туугандары мындай сунушту кубануу менен кабыл алып, айылдык депутаттарга арыз менен кайрыла тургандарын жана эскерүүгө келип, атасынын эмгектерин эскерип бергендерге терең ыраазычылык билдиришти.

Башат
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» ,-деп байым Эрнис жазгандай, Кашымбек атабыз болгон, бар. Анткени бул улуу инсан балдарынын, досторунун, таанып-билгендердин, тарыхчылардын эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Каракол шаарынын вице-мэри Сейит Өскөнбаев, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери Жеңиш Керимкулов, Адыл Каниметов, Дархан айылынын аксакалдары, достору Молдогазиев Кеңеш, Жумабеков Болотбек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын эскерүүлөрүн эртең окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.