Саентолог Гүлзат Мамытбек камалды. «Кыргыз демин» ээрчигендер 110 миң долларга алданып калышыптыр…

Саентолог Гүлзат Мамытбек камалды. «Кыргыз демин» ээрчигендер 110 миң долларга алданып калышыптыр…

Саентолог Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) кармалып, камалды.  Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы ММКларга билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде шектүү катары кармалып, 25-октябрда Кыргызстанга кайткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки териштирүү иши башталды.

Буга чейинки болгон окуя…

Буга чейин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 7 адам кайрылып, 110 миң долларга алданып калгандарын айтып, арыз менен кайрылышкан. Арызда ага ишенип, акча кармата калгандары жазылган.  Тез арада өтө көп киреше табууну убада кылып, аткарбай жашынып калганын, аны таап берүүнү суранышкан. Ошол арыздын негизинде милиция Алымкулованы издей башташкан. Анын Кыргызстандан 2020-жылдын февралында чыгып кеткени маалым болгон. Бирок, ага кылмышка шектелип жатканы былтыр 8-июнунда айтылган.  13-июлда анын бөгөт чарасы сотто каралып, Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алуу чечими сырттан чыгып, ага издөө жарыяланган.

Гүлзат Алымкулова менен анын адвокаты азырынча комментарий бере элек.

Гүлзат Мамытбек деген ким?

Гүлзат Мамытбек кызы деп атасынын атына 2018-жылы өткөнүн өзү айтканы бар.  Анын айтымында, мурдагы фамилиясы — Алымкулова. Ал Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси. Кыргыз күйөөсү менен ажырашып кеткен.

«Кыргыз деми» деп өзүн атап, «Турагой» деген сөзү менен коомчулуктун, атүгүл атактуу эле саясатчылардын да «жүрөгүн жылытып» демөөрчүлүгүн көргөн, элди ээрчите алган кыз.  “Тур, турагой, кыргызым” деп өзүн социалдык тармактан күндө рекламалагандан тажачу эмес. КТРден (агезде жетекчиси Илим Карыпбеков болчу) да өзүн рекламалап көп чыкчу. Анан кантип ага эл ишенбесин?..

2018-жыды декабрда испанецке турмушка чыгып жатканын жар салган. Жолдошунун аты-жөнү — Хуан Буэндиа (Juan Buendia). Эквадордук жолдошу саентологдорду жактырганын, кесиби боюнча  режиссер экенин, бир тасма тартканга жетишкенин, ал “Оскарды” жеңип аларына экөө ишенээрин, чогуу Ысык-Көлдүн жээгине голливуд борборун курууну пландап жатышканын жазган. Күйөөсү менен жолукканын жар салып, аны менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырган.

2019-жылы мурунку жолдошу менен кыздарын талашканын ыйлап «Суперге» айтып берген:

Саентология деген эмне?

Саентология латын тилинен биздин тилге которгондо «билимди үйрөнүү» (Знание знания) дегенди түшүндүрөт. Саентология: Саентология чиркөөсү жана Эркин аймак болуп эки агымга бөлүнөт. Эркин аймак 80-жылдын башында Саентология чиркөөсүнөн бөлүнүп кеткен. Саентология чиркөөсү 1954-жылы 18-февралда америкалык фантаст-жазуучу Рон Хаббард тарабынан Лос-Анжелесте негизделген. Ал диний идеяга жана ийгиликке жетүүнү эңсеген кишилерге багытталган.

Кыргызстанда качан пайда болгон?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына таянсак, Кыргызстанда Саентология чиркөөсү 2001-жылы 31-январда диний уюм катары каттоодон өткөн. Бирок алар мистикалык жолугушууларды, сеанстарды лицензия албай эле жүргүзгөндүктөн каттоо күбөлүгүнөн айрылган, тагырагы, 2012-жылы аталган комиссия кайтарып алган. 2014-жылы чиркөө өзүн-өзү жойгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Саентолог Гүлзат Мамытбек камалды. «Кыргыз демин» ээрчигендер 110 миң долларга алданып калышыптыр…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.