Төлөгөн Касымбековдун алгачкы ысымы… Эки апасынын эркеси… Ата-энеси. Арманы. (Архивдеги маек)

Төлөгөн Касымбековдун алгачкы ысымы… Эки апасынын эркеси… Ата-энеси. Арманы. (Архивдеги маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы бүгүн, 27-октябрда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында белгиленди. Иш-чарага Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана туугандары катышты.

Залкар жазуучубуздун 75 жылдык юбилейи 2006-жылы белгиленген эле. Ошол мааракенин алдында маектешкен элек. Жалгыз бала болуп эрке өскөнүн, алгачкы ысымын, балалык кез, ата-энеси, жалгыз досу айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев тууралуу жана бир арманын айтты эле… Архивдеги маекти кайталап берип коюну чечтик.

Архивден…

Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ: «Мен «Сынган кылычты» жазсам, балам «Бүтүн кылычты» жазат…»

— Агай, кутман курак 75 жашыңыз кут болсун. Бала кезиңизде туулган күнүңүздү кандай өткөрчү элеңиз?

— Менин жашоом катаал турмушка туш болгондуктан, дегеле туулган күндү белгилеген жокмун. Негизи туулган күндү белгилөөнү бөөдө чыгым деп эсептейм. Быйыл деле «элди кыйнабайлы, өткөрбөй эле коелу» десем, Элмира эжеңер болбой, министрлерге барып сүйлөшүп, маараке маселесин чечип койду. Анын кыйындыгынан мен ага «кара жаак» деп атап койгом.

Сөзгө аралашкан Элмира эже буларды айтты:

— Жазуучулар Союзунун «мамлекеттик деңгээлде өтүш керек» деген сунушун өкмөт колдоду. Болот Шерниязов: «Төлөгөн Касымбеков менен мактанышыбыз керек. Мындай залкар киши менен чет өлкөгө көрүнүшүбүз керек» деген сөзүнө кантип ичиң жылыбайт. Мен белгисиз аял болуп калгым келбейт! «Атам апамды 70 жашында алып, 71де мени көрүптүр, мен 4 жашка чыкканда 75 жашын өткөрүптүр» деп Асылбек кийин сурайт деген таризде, анын үстүнө балабыздын кийинкисине тарыхый материал болуп калсын дедим. Камерага түшүп, факты болбосо кийин кантип китеп жазат деп мен болбой, бу кишини көндүргөнүм чын.

— «Адам болгум келет» деген чыгармаңыздагы башкы каармандын атын балаңызга бердиңиз. Асылбектен эмнени үмүттөнөсүз?

— Асылбек сөздү чукуп, таап сүйлөйт. Бир жолу конок тосуп калдык. Анан эле: «Чөкө таандай чурулдабагылачы!» деп атпайбы. Баарыбыз таңгалып, күлүп эле олтуруп калдык. «О» тамгасын жазганды жакшы көргөндүктөн, дептерине «О» деп эле жаза берет. Ал аз келгенсип, биз үйгө алып келген кроссворддун баарын «О» менен толтуруп коет. Кээде «ыр жазам» деп калат. Кылыч менен ойногонду жакшы көрөт. Каерде болбойлу, ошол жерден кылыч көрүп калса, сөзсүз саттырып алат. Мен кылычты сындырдым, Асылбек кылычты бүтөйт деп анын келечине терең ишенем. Садагаң кетейин, баягы күнү көз айнегимди үйгө унутуп чыгып баратыптырмын, «Ата, мунуңуз калып калыптыр» деп артыман чуркап чыкты. Чынын айтсам, Асылбек үчүн жашап жүрөм. Кудай жаш берсе, Асылбекти үйлөнтүп койсом деген тилегим бар.

— Сизди атаңыз алтымыш жашында көргөн турбайбы?

— Атам биринчи аялынан үч кыз, бир уулдуу болгону менен баары токтобоптур. Атам 59 жашка келип калганда байбичеси: «Сиз тукумсуз өтөсүзбү? 20 жаштагы келинге баш кошуңуз, балалуу бололу» деп, өзү менин апамды атама алып берген экен. Анан Анар апамдан мен төрөлгөм. «Кудайдын сурап жүргөн балабыз келди» деп кубанышып, атымды Кудайберди коюшуптур. Апам мени тапканы болбосо, энем бакты. Атамдын биринчи аялын «эне» дечүмүн. Мени эрке өстүргөн. Апам урушуп койсо, энем болушуп койчу. Кийин энем: «Кудайбердиге көз тийет. Кудай бала төлөп берди, ошондуктан Төлөгөн деп атайлы» деп атымды өзгөрткөн экен. Жалгыз өскөндүктөн ата-энем: «Балам, көп балалуу бол! Балдарың сага бир тууган да, бала да болуп берет» деп көп айтышчу. Алардын аманатын аткарып турмушта көп балалуу болбодумбу…

— Кичинеңизде эмнеге кызыкчу элеңиз?

— Кичинемде эле кагаз, баракка кызыкчумун. Бир жолу айылга жакын тууган жездебиз мугалим болуп келип калды. Түрлүү карандашынан көзүм өтүп күндө сурайм. Ал болсо биздин жалгыз эчкини сураганын койбойт. Эчкини берейин десем, сүтсүз калабыз. Эчкини бербейин десем, жазгым келет. Эмне кылаарымды билбей, кыжаалат болуп жүрүп, бир күнү: «Сиз эмне эле эчкини сурайсыз. Менин эжем менен жашап жатпайсызбы, ага эч ким эчтеке сураган жок го…» десем, мындайды күтпөгөн жездем кыпкызыл болуп, сыртка атып чыкты. Апам: «Ок, ошентип да айтчу беле!?» деп чочуп кетип, мени бетке чаап жиберди. Энем болсо мага болушуп: «Ырас эле кылды. Баланын жүрөгүн оорутуп, эмнеге жалгыз эчкини кайра-кайра сурайт»,-деди.

Менин балалыгым ары таттуу, ары ачуу күндөрдө өткөн. Энем өттү… 12 жашымда атамдан ажырадым. Бир күнү апам катуу ооруп, эч нерсе ичпей, төшөккө жатып калды. Коңшу айылда Акматалы деген мыкты молдо бар деп уккам. Ат менен кырдан кырды ашып, элден сураштырып олтуруп таап алып, апамды айтып ыйлап жибердим. Ал киши гезиттин айрындысына тузду ороп, бирдемелерди айтты да: «Ме, балам. Сен барганча апан төшөктөн туруп калат»,-деди. Чын эле үйгө жакындай берсем, эшиктин алдында апам өрүк жеп олтуруптур. «Апа» деп эле кучактап жыгылып, көзүмө жаш тегеренди… Апам экөөбүз кордукту көп кордүк. Апамдын көз жашын көрүп калганда: «Ыйлабаңыз апа, көрөсүз го, мен да адам болом…» деп сооротчумун. «Адам болгум келет» деген чыгармам студент кезимде жазылды. Студент кезде мага апамдан посылка келээр эле. Ичин ачсам 5 килограмм талкан жүрчү. Ошо талканды сууга чалып иччүбүз. Кээде курут салып калчу. Колунан келген нерсенин баарын мага салып, мени билимдүү кылды.

— «Туулган жери Аксыдан кол үзүп, Чүй боорунда жашап калганына өкүнөт» деп уктук эле…

— Адамда бир арман болот экен. Аксыда бир балам жашап турса, мен барып, алардын чайын ичип, төрүндө олтурсам, жаман беле… өз колум менен апама салган тамым кароосуз калды.. Атамдын намаз окуган жери калды… Аксыга барган сайын көзүмө жаш тегеренээрин жашыра албайм…

— Жакын досуңуз ким?

— Менин досум да, бажам да, сырдашым да Эстебес Турсуналиев эле. «Эстекем өттү дүйнөдөн» дегенде ичим ачышып, ыйладым. Азыр деле куран окуп жатканда аягына чейин окуй албай жашып кетем…

— Уйкуңуз кандай, түш көп көрөсүзбү?

-Түш деле көп көрбөйм. Себеби аз уктап, көп иштейм.

«Анда-санда көргөн түшү турмушта туура чыгып калат. Мага айтып берсе, таңгалгам. Бир жолу ыраматылык Насирдин Исановду карагер ат мингенин түшүндө көрүп, «Иним, кан чыгарып, куран окутуп койчу..» десе, «Ой, Төкө, кыргызчылыкка баш ийе бересиз да…»,- деп каткырып, жаркылдап койгон экен, жарыктык киши… Абдыганы Эркебаев депутаттыкка ат салышып жатканда, анын дагы ак боз ат минип, ооздугун тарта албай келе жатканын, анан эле туман басып, көрүнбөй калгандыгын айтып, ойго батып калган…»,-деди Элмира эже.

— Чыгармачылыгыңызга бир аз кайрылсак. Жазуучулук кесипти аркалаш кыйынга турса керек?

— Албетте. «Мен «Сынган кылычты» жазаарда архивден издеп, азап менен чогулткам. Себеби, башы Москвада болсо, ортосу Ташкентте, аягы Ленинградда экен. Москвадан издегенде жети кабаттын астындагы жер төлөдөгү архивде (бардык шарттары бар эле) күн көрбөй 6 ай олтургам. Ошондо мен 35 жашта элем. Сапсары кагаздар, окулбайт, үңүлүп атып араң окуйсуң. Көздү курутупмун. Убагында билинбегени менен кийин ден соолукка зыян алып келет экен.

— Демек, тарых жазганыңызга кейийсиз?

— Кыргызымдын тарыхын жазып, элиме тартуулаганыма кейибейм деле. Баягыда Ысык-Көлдөн келген бир аксакал мени кучактап:

«Бул дүйнө бир керемет бураңдаган,

Бак тайса, башка дөөлөт куралбаган.

Бир күндө миң бир эки балаа көрсөң,

Ошондо да үмүт үзбө, бир Алладан» деп менин ыр саптарымды айтып ыраазычылыгын билдирди. Ал саптарды өзүм унутуп коюпмун. Мындай мамилеге ичим жылып, буйруса турмушта бир из калтырыпмын да деп топук кылдым.

— Азыр кайсы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?

— Башыман өткөн нерсенин баарын роман кылып жазсамбы деп даярдап койдум. Бир күнү баштайм го. Азырынча мемуардын үстүндө иштеп жатам.

(Уландысы бар)

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

 «Бишкек таймс» гезити, 2006-жыл

 

3 thoughts on “Төлөгөн Касымбековдун алгачкы ысымы… Эки апасынын эркеси… Ата-энеси. Арманы. (Архивдеги маек)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.