ИИМ Академиясындагы курсанттарга берилчү төш белгинин автору Талантбек Алыкуловдун ааламы

ИИМ Академиясындагы курсанттарга берилчү төш белгинин автору Талантбек Алыкуловдун ааламы

Ар бир адам — бир аалам

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери ИИМ менен кызматташып, милициянын эр-азаматтары, кыздары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. Аларды «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрикабызга чыгарып келатабыз. Бу жолу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиянын Аскердик мобилизациялык иштер, коомдук башаламандыктардын алдын алуу боюнча жана саптык даярдыктар бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Алыкулов тууралуу макала жиберишиптир.

Жандүйнөсү чыгармачылыкка жакын Талант Алыкулов

Биз бүгүн да бир ааламды ачып көрүүгө аракет жасадык. Каарманым ИИМдин милициянын генарал-майору Э.Алиев атындагы Академиянын Аскердик мобилизациялык иштер, коомдук башаламандыктардын алдын алуу боюнча жана саптык даярдыктар бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Алыкулов болду. Анын табияты тартип менен мыйзамга, жандүйнөсү чыгармачылыкка жакын. “Эӊ оболу сөз болгон, анан барып аалам жаралган” деген аксиома бар. Аны эч ким тана албастыр. Аныгында, кыргыз табияты да улуу сөзгө баа берип, анын касиетине уюйт. Мезгил шары ааламды кай тарапка ыргабасын бардык учурда адамзат бири-бири менен пикир алышуу жана баарлашуу жолу менен гана жашоого болгон багытын аныктап келет. Натыйжада, адамдардын бири-бири менен болгон маеги түпкүлүгүндө ыргагы ыргыштаган бүгүнкү заманда да абдан таасирдүү жана олуттуу. Андыктан ар бир маектешүүнүн өзү бир ааламды ачканга барабар делинет эмеспи.

Кесиптик тагдыр жолунда Талантбек Алыкулов менен кезиктим. Каарманым Бишкек шаарында туулуп, өскөн. Кичине кезинде атасынан айрылып, үй-бүлөдө жалгыз эркек болгондуктан апасына, эжелерине каралашып, бактылуу балалыктын бал татыган күндөрүнө аралаша түйшүктүн да түмөн сапырыгына аралашат. Оюнкараак курактын ыргагы менен орто мектепти аяктоо керемети баарыбыздын бактыбызга буюрган эмеспи. Ошол бактылуу балалык доорунун башатынан тарта мекенди коргоо мерчемине жеткен жигит курак келип, Талант мырза аскерге барып келүүнү чечет. Бирок, тагдыр ташы ар багытка айланаарын ким билет, айтор, балалык кыялындагы аруу тилеги орундалбай, аскер комиссиясы бир үйдүн жалгыз баласын аскерге алуудан баштартат. “Ал кезде менин биринчи максатым аскерге барып кызмат кылуу эле”, –дейт маектешим.

Көшөргөн адам көздөгөнүнө жетет эмеспи. Апасын көндүрүп, макулдугун алып, аскердик комиссияга арыз жаздырып атып анан мекен чегин коргоп, атуулдук милдетин өтөөгө аттанат. Аскерде алдынкы жоокерлерден болуп сержант наамын алат. Бир жарым жыл мекенге болгон милдетин өтөп, алдыга максат коюп, жогорку окуу жайда билим алууну көздөп, 2003-жылы ИИМдин жогорку мектебине тапшырат. Окууну ийгиликтүү аяктаган соӊ агайларынын сунушу менен Сапка даярдоо бөлүмүндө ишин улантат.

“Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, Талант Оӊолбекович алгач ИИМдин Академиясында инспекторлук кызматтан баштаган болсо, убакыт өтүп эмгекчил мырза бүгүнкү күндө бакыйган бир бөлүмдү жетектеп келет. Беш кишиден турса да жоопкерчилиги жогору турган бөлүмдүн кызматкерлери жашыруун документтер менен иш алып барып жана кызматтык тартип, мыйзамдуулук, этиканын нормаларын сактоо боюнча иштерди уюштуруп келет. Окуу жайда атайын техникалык каражаттардын, курал-жарактардын даяр болушун көзөмөлдөө жана аларды сактоо да каарманыбыз жетектеген бөлүмдүн негизги иши.  “Академиянын кызматкерлери ар кандай кырдаалдарга даяр болуусу үчүн атайын саптык-күжүрмөн даярдоодон өткөрүп турабыз, форма кийип жаткандан кийин кызматкерлер дагы саптык катарга туруу, аскердик саламдашуу сыяктуу эрежелерди билиши шарт”,-дейт Талант Оӊолбекович. Ошондой эле ал коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кызмат кылып, бөлүмгө жүктөлгөн тапшырмаларды бүгүнкү күндө так аткарып уюштуруп келе жатышкандыгын айтты.

Айтмакчы, укса кулак сүйүнөт демекчи, маек үстүндө айтылган жагымдуу жаӊылыктар да жүрөк кубантаарлык. Талант мырза жетектеген бөлүм ИИМ Академиясынын курсанттарын чет жакка окууга жөнөтүүгө даярдай турганын жана Кыргыз милициясынын Академиясынан барган курсанттар чет жактагы окуу жайлардын курсанттарынан саптык даярдыгы жагынан алдыда тураарын баса белгиледи. “Биздин Академиянын курсанттары билими жагынан да, сапка даярдык жагынан да алдыда турат. Чет жактан билим алып жаткан курсанттарыбыз взводдун командири болуп взводду башкарып жатканынын билсек болот”,- дейт.

Окуу борбордогу ийгиликтери, жасаган эмгектери менен да бөлүшүп, көркөм өнөрчүлүккө кызыгаарын, бир кездерде архитектор болууну да самап, атайын кесиптик билим да алыптыр. Кол өнөрчүлүккө да кызыгып бош убактысында эскиздерди чийип, аларды куруп жасоо менен да алектенет экен. Өлкөбүздө боло калчу сынактарга да катышып, каарманыбыздын эмгектери да жеӊишке жеткен учурлары болгон.

Төш белгинин автору

Айтмакчы, Талант Оӊолбекович Ички иштер министрлигинин Академиясын курсанттары билим алгандан кийин берилчү төш белгинин жана дагы бир нече орден-медалдардын автору. Каарманыбыз ал эмгектери менен сыймыктанарын, бир кездеги күн-түн дебей көз майын коротуп эмгектенген эмгектери бүгүнкү күндө эргүү берээрин айтты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.