Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ: «Ашыралы Айталиевдин кемпирин кайрылтпай, кайгыртпай эле маселени чечиш керек болчу»

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ: «Ашыралы Айталиевдин кемпирин кайрылтпай, кайгыртпай эле маселени чечиш керек болчу»

Эсен болуп, эстей жүр!

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиев атабыздан ажырап калганыбызга 13-октябрда 13 жыл болду. 13 жылдан бери байбичеси Наила Айталиева апабыз абышкасына эстелик, жашаган үйүнүн бооруна такта койдурду, «Ашыке» аттуу китебин чыгартты.

Күн санаган мүнөттөр, үзүлбөгөн үмүттөр…

Эки жылдан бери буту баспай калып, бук болуп үйдө отуруп калган Наила апабыз абышкасынын кадыры үчүн ыйласа жанына киши туралбайт… «Бутум басып турса, өзүм эле чуркабайт белем. Чоӊдорго өзүм эле барбайт белем. «Абышкамдын атын Бишкектеги бир чоӊ көчөгө же музыкалык мектептин бирине атын берип койгула» деп президент балам Садырга барбайт белем. Ден соолугум да жакшы эмес, бутум сыздайт. «Абышкамдын атын бергенди угуп кетейин деп Кудайдан өмүр сурап, күн кечирип жаткан кезим«,-дейт буркурап… Күн санаган мүнөт, үзүлбөгөн үмүт менен жашап жатканы чындык.

Наила апанын август айындагы кайрылуусу:

Октябрдагы кайрылуусу:

Атактуулардын айтымында…

Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаев агабызга бул маселе боюнча кайрылсак, бийлик байбичесин сурантпаш керек болчу дейт. 

«Ар тараптуу залкар талантка, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Ашыралы Айталиевдин ысымын бийлик илгери эле бериш керек болчу. Алп акындын кемпирин кайрылтпай эле, кайгыртпай эле, сурантпай эле өздөрү билип буга чейин эле атын берип коюш керек болчу«,-дейт Өмүрбек агабыз.

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, ушуга чейин берилбей жатканы уят иш. «Ашыралы Айталиевдин ысымы Кыргызстанга эле эмес, коӊшу мамлекеттерге чейин белгилүү. «Нарындан жазган салам кат» аттуу ырын ушул убакка чейин кыргыздар эле эмес, казактар да ырдап келатышат го. Ошондуктан залкар акындын ысымынын берилишин кош колдоп колдойм. Ал эми ушул маселени көтөрүп жаткан Наила апага башымды ийип, ысык салам жолдойм. Бар болуӊуз, апа!«,-дейт Эркингүл айым.

Белгилүү ырчы Салима Балтаева: «Улуттук Филармонияга жаш кезинде келип, бир топ жыл эмгектенген. Улгайып калганда «Айтыш» коомунда иштеп, артына бир топ шакирттерди даярдап кетти. Ушундай улуу устаттар шакирт даярдабаса, айтыштын учугу уланат беле, ким билет?! Андыктан бул залкар адамдын ысымы берилиши керек!»,-дейт.

Белгилүү актер Руслан Курманалиевдин айтымында, мындай залкар адамдын аты илгери эле берилиши керек болчу. «Ашыралы Айталиевдин ысымы Бишкек шаарындагы чоӊ бир көчөгө же музыкалык мектептердин бирине сөзсүз түрдө берилиши керек!»,-дейт Руслан мырза.

Баарыбыз сыйлап-урматтап, ушул убакка чейин ырларын колдонуп келаткан айтылуу Байдылда Сарногоев атабыздын Италиядагы кызы Гүлсана эжебиз да Наила апага ысык салам жолдоп, көтөрүлгөн маселени колдоорун айтты.

80 жаштагы апаны ыйлатпайлычы! 

Улуттук дөөлөттөрдүн, өнөрлөрдүн урпактарга жетишине көпүрө да, өбөлгө да болуп өмүр берип келген улуу, залкар, кайталангыс таланттарыбыздын бири Ашыралы Айталиев атабыздын ысмын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине берели, үн кошуңуздар деп жазып чыкканыбызда: «Ашыралы Айталиев атабыздын атын аянбай эле Бишкектеги бир көчөгө, анда дагы кыска, чолок эмес, узун, чоӊ көчөгө бериш керек! Аты Алайга, даӊкы далайга кеткен адамдарга бербегенде кимге беребиз? Алигүнчө орустардын атындагы көчөнү алып жүрөбүз«,-деп окурман журтубуз добулбас кагып, пикир айткан. Ооба, элдин айтканы ачуу чындык. Бул маселе боюнча апабыз зарлап, какшап августтан бери кайрылып келатат. Катуу айтканда, өтө керек маселе болсо, алеки саатта чогулуп чечип деле коюп жатпайбы дейсиң… А бул маселе августтан бери чечилбейт келет!

Не дейбиз, 80 жаштагы апаны ыйлатпай, апанын ак батасын алалы деген эле тилек! Апа аткарууга умтулуп жаткан аманат иш — негизи ЖАЛПЫБЫЗДЫН ИШИБИЗ, ПАРЗЫБЫЗ, улуу инсандарга болгон УРМАТ-СЫЙЫБЫЗ! Ошондуктан, Апаны арманда калтырбайбыз деген УЛУУ YМYТ менен ЭЛИБИЗДИ, кайдыгер эмес МЕКЕНЧИЛ ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫ үн кошууга чакырабыз!

Баса…

Бул маселенин каралыш, чечилиш жүрүшү тууралуу айта кетсек, Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп турганда, жооп берип, «Мэрия чечет, кат жибердик» деген. Мэриядагы Апсамат аттуу жигит катты алышканын, Бишкек Башкы архитектурасына жиберилгенин айткан. Биздин сайттын юристи Нурзат айым ал жакка чалып, Юля Моисеева аттуу кыз менен сүйлөшсө, ал Мэриядагы маданият бөлүмүндөгү Зулайка Барапанова карап жатканын айтып, 56 46 71 номурду бериптир. Зулайка айымга чалса, ал варианттар бар экенин, туугандары менен кеӊешсе болоорун билдирип, өчүп бараткан үмүттү жандантып койду…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Наила апанын августтагы кайрылуусунан кийин мурдагы маданият министрлери, Кыргыз эл жазуучулары, профессорлор, журналисттер, төкмө акындар үн кошкон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Түркиядагы Жыргалбек Касаболоттун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден, Финляндиядагы Асыран Айдаралиевдин пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.