Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Улуттун жүзү маданият тармагынын өкүлдөрү»

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Улуттун жүзү маданият тармагынын өкүлдөрү»
Бүгүн, 2-ноябрда Филармонияда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, иш-чара даректүү тасма менен башталган. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен Маданият министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөгөн. Министр маданият тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, маданият тармагындагы жетишкендиктерди айтып, улуттун жүзү маданият тармагынын өкүлдөрү экендигин баса белгилеген. «Маданият тармагындагы ар бир жасалып жаткан аракет ар бир чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү аркылуу өтүп, кан жанына сиңирип, жүрөгү аркылуу өткөрөт. Кыргыз маданиятын сактоого жана аны өнүктүрүүгө талыкпас эмгек кылуу менен маданияттын өлбөс-өчпөс ысымдары жана шедеврлери күнү бүгүнкүдөй жашап келет. Маданият адамды руханий жактан азыктандырууга, жарандарыбыздын бири-бирине дем-шык берүүсүнө, дилгир, сергек, мекенчил жаштарды тарбиялоого жана тарыхый эс-тутумубузду, руханий көрөңгөбүздү арттырууга көмөк берет«,-деди Жаманкулов.
Иш- чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, А. Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктаган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.