ВИДЕО — Нургүл БАКИРОВА: «Сот системасы журналисттерге толук маалымат берип турушу керек!»

ВИДЕО — Нургүл БАКИРОВА: «Сот системасы журналисттерге толук маалымат берип турушу керек!»

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору  Элмира Байтикова, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, кеңешчи Ибраим Нуракун уулу жана ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Альфред Хьюстон, Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас катышкан.

Алгач, Сот тутуму менен ЖМКнын эриш-аркак иштөөсү боюнча ролик көрсөтүлүп, андан соң Жогорку соттун төрайымы ММК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады. Ал Кыргызстан эгемендик алган акыркы отуз жылдан бери ЖМК өлкөнүн саясий-экономикалык турмушунда ээлеген ролу абдан жогору экендигин жана бүгүнкү күндө сот тутумунун ачык –айкындуулугун,  адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине  болгон  ишенимин жогорулатууда ролу, таасири чоң экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, төрайым журналисттерге дайыма эшик ачык экендигин айтып, Жогорку соттун имаратында атайын медиа борбор ачып, ал аркылуу ЖМК менен кызматташуу мындан дагы күчөтүлө тургандыгын билдирди. “Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек деп ойлойм. Сот системасы  ЖМКга толук маалымат берип турушу керек. Ал эми ЖМК өз кезегинде, бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан маалыматтарды берүүгө көмөктөшүүсү керек деп эсептейм”, — деди төрайым.

Аягында ЖКМ өкүлдөрүнө Ыраазычылык кат менен кошо белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын жана “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.