Жалал-Абадда дүйнө чемпионун тосуп алышты

Жалал-Абадда дүйнө чемпионун тосуп алышты
Жалал-Абадда дүйнө чемпионун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, «Белбоо күрөшү» боюнча биринчилик Татарстандын Казань шаарында 28-31-октябрда өткөрүлгөн. 75 кг салмак чен бирдигинде ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу 1-орунду багындырып, кыргыздын желегин бийик көтөрүп, өлкө гимнин жаңырткан. Ал эми 82 кг салмакта И.Разззаков атындагы спорт мектебинин тарбиялануучу Элдияр Сексенбаев жана 70 кг салмакта Адилет Кубатбек уулу 2-орунду багындырышкан.
Жалал-Абад шаарынын кире беришинен дүйнөлүк чемпионаттан биринчиликти жана байгелүү орундарды багындырган спортчуларды тосуп алуу аземине Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Марат Масиркулов, ИИМдин «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири милициянын полковниги Равшан Кожобеков, машыктыруучулар, спортчулардын кесиптештери жана жакын туугандары катышышты. Спортчуларга мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруу тилектери айтылып, бир катар сыйлыктар тапшырылды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.