Мелис кызы Миэлла спорт чеберине талапкер болду

Мелис кызы Миэлла спорт чеберине талапкер болду

Байым… Кайним…

Бүгүн, 5-ноябрда, президент Садыр Жапаров журналисттердин келе жаткан кесиптик майрамы менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында куттуктады. Резиденцияга баратканда байымды эстеп, бир сыйра ыйлап алдым. «Баягы Асаба» гезитибизге Садыр Нуркожоевичти көп чыгарганыбызды эстедим… Анда Эрнисим бар эле…

Резиденциядан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кайнимди жолуктурдум. Жөнөкөйлүгү жоголбоптур, «жеңелеп» жаны калган жок. Ийилип сүрөткө да түштү… Эрнисимдин адамдан издеген сапаты да жөнөкөйлүк, адамгерчилик болчу… Өзү ошондой бийик адам эле…

Ат-Башы, жеңе деген сөз кулагыма ушунчалык жакшы угулат…  Мындан 4 жыл мурунку Эдилдин Эрнистин жүрөгүн жылыткан сөзүн эстедим…  Анда Эдил Байсалов «Жалбырак ТВга» келип, атбашылык журналист кайним Марат Тагаевге маек берген. Ошондо Мелис байкебиз тууралуу айтып жатып, көзүнө жаш алды эле… Эки ооз агасы тууралуу жакшы сөз укканына Эрнисимдин кубанганы ай…. Ушунчалык Эдилге ыраазы болуп, «Азамат экен!» деген эле…

8:18ден баштап көрсөңүздөр болот:

Кубаныч көз жашы…

Элдин эсинде калган Мелис байкебиздин кенже кызы Миэлла көркөм гимнастика боюнча ийгилик жаратып, бизди кубантып келатат. Резиденциядан келатканда Асел жеңемдин жакын курбусу, кесиптешим Гүлзада Шаршеналиева Миэлланын спорт чеберине талапкер болгонун сүйүнчүлөдү. Кандай гана жакшы жаңылык. Кубандым… Кайра эле Мелис байке менен Эрнисимди эстедим… Кантип эстебейм, экөө тең мыкты журналист эле да…

Асел жеңеме куттуктап жаздым… Анан сурадым… Көрсө, дал ошол күнү көркөм гимнастика боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты болуп өтүптүр…

Көркөм гимнастиканы өнүктүрүү, жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, мыкты гимнасттарды тандап алуу жана эл аралык мамилелерди чыңдоо боюнча “Bigser CUP” эл аралык турнири өтүп турат.

Жеңемдин айтымында, бул жолку турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын гимнасттары катышыптыр. Турнир 6-7-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясынын спорт комплексинде болуптур. Миэлла спорт чеберине талапкер болуптур. Кубандым. Бул кубанычыма Эрнисим ортоктош болгондо эмне.. Кайрадан Миэлланын мыкты атасы Мелис байкени, агасы Эрнисимди эстеп, көзүмө жаш тегеренди…

Миэлла, куттуктайбыз! Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону болушуна тилектешпиз!

4 жашында мектепке барган Миэлла

Миэлла тууралуу учкай сөз кыла турган болсок, апасы Асел Эшимканованын айтымында, ал гимнастикага кичинекей кезинде эле барган. 3 жашында эле жазганды, окуганды өз алдынча үйрөнүп алган. Мектепке 4 жашында барган.

«Агасы Адамчикти ээрчип, «мектепке барам» деп жарым жыл ыйлап аябай талап кылып жүрдү. Кызымдын каалоосун жаӊы жылдан кийин аткардым. Көӊүлү калып, «барбайм» десе, кайра бала бакчага берип коем деп жүргөм. Андай болгон жок, өздөштүрүп кетти. «Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө» дегендей, мактана тургандай уникалдуу, таланттуу кызым бар. Азыр ал көркөм гимнастика менен алектенүүдө. Аны менен катар ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөт. Ырдаган жагынан атасын тартты окшойт, себеби, Мелис да жакшы ырдачу да. Алты тилде (кыргыз, орус, англис, кытай, француз, еврей — ред.) ырдайт, эркин сүйлөйт» ,- дейт Асел жеӊем.

МЕЛИС кызы МИЭЛЛА: «Атакемди сагындым…»

Быйыл, 25-апрелде жолдошум журналист, акын, котормочу, жазуучу Эрнис АСЕК уулунун эскерүү кечесин Филармонияда өткөргөнбүз.

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, жоктоо дартыма ортоктош болуп, кеңешин берип келаткан Асел жеңем Эрнисти эскерүүдөн мурда жолдошу Эшимканов Мелис байкебизди эскерип өткөнү көрүүчүлөрдүн жүрөгүн жылытып, ыр окуп ыйлаткан…

Ал эми Миэлла «Сагынганда атамды» (сөзү А.Өмүркановдуку, обону Э.Талиповдуку) аттуу ырды ырдап залдагыларды жашыткан…

Француз тилинде:

Еврей тилинде:

Англис тилинде:

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.