Садыр ЖАПАРОВ: «Шайлоодо добушун саткандар да, сатып алгандар да соттолуп кетесиңер»

Садыр ЖАПАРОВ: «Шайлоодо добушун саткандар да, сатып алгандар да соттолуп кетесиңер»
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Азыр үгүт иштери катуу жүрүп жаткан кез. Президент Садыр Жапаров шайлоодо добушту сатып алуу боюнча катуу эскертти. «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси.
192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу
1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун V категориядагы айып пул салууга же
1-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1-категория. Эркиндигинен ажыратууга
(жашы жете электер — 1 жыл, 6 айга, башка адамдар — 2 жыл 6 айга чейин) жазаланат.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров “28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка 2-ноябрда кол койгон.

Аралаш шайлоо системасы…

Эми быйылкы шайлоо системасын айтсак, ал өзгөртүлгөн. Президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга 27-августта кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялар тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Тагырагы, буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Садыр ЖАПАРОВ: «Шайлоодо добушун саткандар да, сатып алгандар да соттолуп кетесиңер»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.