Мурдагы премьер-министр Темир Сариев абактан бошотулду

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев абактан бошотулду

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев абактан чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» өздүк булактарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Алардын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту Сариевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен өзгөрткөн. Мындай маалыматты Биринчи май райондук соту дагы тастыктаган.

Эске сала кетсек, Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди УКМК «Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагып, 3-августта камалган. Баш коргоо чарасы эртеси Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-августта түндө каралып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. 11-августта 70ке жакын коомдук ишмерлер бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Бишкек шаардык соту 25-августта бөгөт чарасын карап, эч өзгөртүүсүз калтырган. Т.Сариев өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып келген.

Темир САРИЕВ: «Сыналдык, бирок, сынган жокпуз»

Темир Сариевдин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгындагы куттуктоосу, кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына (30-августта) жайгаштырылган. Анда ал мекендин, эл алдында абийири таза экендигин баса  белгилеп, өз чындыгы үчүн акырына чейин күрөшөрүн билдирген. Ал кайрылуунун толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!   

«Кумтөр иши» боюнча Акаев 16 жылдан кийин Кыргызстанга келип..

Дагы бир нерсени эске сала кетсек, Аскар Акаев менен катар мурдагы бир канча аткаминерге 1992-жылы «Кумтөр» кени боюнча башкы келишим түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди реструктуризациялоодо болгон делген коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча тергөө-тескөө жүрүшүндө Аскар Акаев президент кезде «Кумтөрдөгү» коррупцияга катышы бар бардык адамдарга юридикалык баа берилген болчу. Бул маселе боюнча Аскар Акаевичти өлкөгө алып келүү, жоопкерчиликке тартуу аракеттери болуп келген. Бирок, Садыр Жапаровдун бийлигинин убагында, 16 жылдан кийин Кыргызстанга келди. Ушул жылдын 2-августунда Бишкекке учуп келип, кайра Москвага учуп кеткен. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.