БШК талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон эмнеге четтетти?

БШК талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон эмнеге четтетти?

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына КСДПдан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул тууралуу БШК бүгүнкү (24-ноябрдагы) жыйынында билдирди. Алардын айтымында, талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албай калган. Алар Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде ушундай чечим кабыл алышкан. КСДПнын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин айтып, чечим чыкканча талапкерди шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Министрликтин айтымында…

Рыскелди Момбеков 1997-жылы Ж,Баласагын атындагы КУУга тапшырып, ал окуу жайды 2003-жылы бүтүргөнү тууралуу документ архивден табылган эмес. Мындан тышкары, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан, экинчи диплому да мыйзамсыз деп саналарын билдирген.

Эске сала кетсек, БШК буга чейин Рыскелди Момбековдун жасалма диплом алганы боюнча маалымат берген. Момбеков болсо мындай айыптоону четке кагып, дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Жаңы Шайлоо мыйзамы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.