Равшан Жээнбековдун тарапташтары БШКнын астында акцияга чыкты

Равшан Жээнбековдун тарапташтары БШКнын астында акцияга чыкты

Бүгүн, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары БШК талапкердин үгүт ишин жүргүзүү укугун коргобой жатканын айтып, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылышууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда Жээнбеков талапкер болуп катталган, бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Равшан Жээнбековдун өкүлү жана адвокатынын Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн берүүнү жана теледебаттарга конвой кызматы менен катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранган өтүнүчүн канааттандырган эмес.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы тагдыры соттун колунда экенин 28-октябрда билдирген. Fk Сот Равшан Жээнбековду үгүт өнөктүгүнө катышуу үчүн камактан бошотуудан баш тарткан.

Адил ТУРДУКУЛОВ: «Шайлоонун жыйынтыгы таза, акыйкат атаандаштыкта өткөнүнөн шек жаратат»

дейт митингдин катышуучусу, жарандык активист Адил Турдукулов. «Конституцияда эки эле негизги укук жазылган: бул – шайлоо жана шайлануу. Равшан Жээнбековдун азыркыга чейин шайлоочулар менен толук укуктуу жолукпай жатканы Конституциянын базалык эң негизги нормалары сакталбай, бузулуп жатканынан кабар берет».

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок кийин «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет.

Белгилей кетсек, бир округдан катталган жети талапкер да Жээнбековдун таламын талашып 18-ноябрда БШКга кайрылышкан. Алар Жээнбековдун шайлануу укугун камсыз кылууну жана башкалар менен бирдей шартта үгүт жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранышкан эле.

P.S. Эртең, 25-ноябрда Равшан Жээнбековдун уулу Азаттын пикирин окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.