Элнура КУЛУЕВА: «Апаке, атакемди эстеп, бүгүн ыйлай турган күнүң… Бүгүн эстей турган күнүң…»

Элнура КУЛУЕВА: «Апаке, атакемди эстеп, бүгүн ыйлай турган күнүң… Бүгүн эстей турган күнүң…»
Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Гимнин автору, Кыргыз эл мугалими, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү бейитине орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, министр Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков жана башка коомдук-маданий ишмерлер катышып, Шабданбек Кулуев атанын өмүр жолун эскеришкен.
Алгач Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылып, куран окулуп, эскерүүлөр айтылды. Министр Азамат Жаманкулов Шабданбек Кулуевдин кыргыз маданиятындагы ордун, нар көтөргүс жасап кеткен эмгектерин айтты.
«Кыргыз элинин сыймыгы болгон Шабданбек Кулуев мамлекеттик символикалардын жаратууда коомчулук алдында чоң жоопкерчилик алуу менен, гимндин авторлорунун бири катары тарыхта калды. Учура бул гимн эгемендик алгандан тарта дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун сыймык менен жаңырып келет.
Өз өмүрүн агартууга арнаган эл мугалими Шабданбек Кулуев билим берүү системасында гана эмес, маданият жаатында талыкпай эмгектенип, элеттеги элдин үнүн коомчулукка жеткирүүдө зор эмгектерди жасап, маданиятты даңктады. Шабданбек Кулуевдин ысымы түбөлүктүү жана тарыхта калган инсан«,- деп сөзүн жыйынтыктады министр.
Шабданбек атанын журналист кызы Элнура Кулуева «Фейсбуктагы» баракчасына апасынын бейит жанында ыйлап отурган апасынын сүрөтүн коюп,  «…..57 жыл бирге жашаган өмүр…. Апакемдин жүрөгүндө… Бүгүн ыйлай турган күнүң… Бүгүн эстей турган күнүң…» деп жазып, көпчүлүктү ыйлатты.
Тарых бетине алтын тамга менен жазылып калган Шабданбек Кулуев атабыздын жаткан жери жайлуу болсун! Кайрат кылыңыздар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.