Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев бүгүн эскерилди

Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев бүгүн эскерилди

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 25-ноябрда, Мамлекеттик гимнибиздин авторлорунун бири, эмгек ардагери,  Эл агартуунун отличниги, Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кыргыз эл мугалими» ардактуу наамынын жана “Кеменгер” төш белгисинин ээси, акын Шабданбек Кулуев эскерилди. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак…

Маркум былтыр 24-ноябрда каза болуп, сөөгү 25-ноябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Туулган жери… эмгек жолу… өмүр сапары

Шабданбек Кулуев Мамлекеттик гимнди Кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен биргелешип жазган. Ал эмгеги үчүн 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.

Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-ж.ж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген.

Бир кезде бир Шабдан чыкса Кеминден,

Бул кезде бир Шабдан чыккан элимден…

Шабдан Кулуевдин окуучусу, өлкөнүн салык кызматынын кызматкери  Тилек ЧЕНКИЛОВ  эскерет:

— 2003-жылдын, май айынын алгачкы күндөрүнүн биринде, Түркмөн орто мектебинин окуу завучу Тамчиев Көкөтай агай мени чакырып, «Шабданбек агайыӊдыкына барып, “Жумгал Дастан” деген китебинин сурап алып келчи. Кайра эле сенден берип жиберем, өзүӊ алып барып бересиӊ» деп калды. Ал учурда Шабданбек агай дагы, Асыл эже дагы ардактуу эс алууда болчу. Үйүнө барсам, агай эшикте жүргөн экен. Көкөтай агайдын айткан аманатын айтсам, макул деп алып чыгып берди. Мектепке алып келип Көкөтай агайга бердим. Агайга ошол учурларда гана керек болуп турганбы, ашып кетсе аз гана убакыт (эки-үч саат), мен мектептен тарап кете электе эле кайра мага «алып барып берип кел» деп китепти колума берди. «Көкөтай агай, бул китепти бүгүнчө мен алып кетсем болобу? Эч жерин булгабай, барактарын тытпай кайра эртеӊ сабакка ала келип жеткизип берем» десем, башын ийкеп жылмайып койду.

2003-жылы мен 17 жашта болчумун, орто мектепти аяктап жаткан учур эле. “Жумгал Дастан” китеби Шабданбек агайдын жакын адамы, Түгөлбек Турпан уулу, Качкын Оторбаев агайыбыз жазган китеп экен. Ошол китептин ичинде Жумгалдан чыккан атактуу адамдардын таржымалдары камтылып, ошолордун ичинде Шабданбек агай дагы бар. Үӊүлүп окуп чыктым, кайра-кайра кайталап окудум. Жүрөктүн түпкүрүндө бир нерсе ойлонтту, касиеттүү олуя, көрөгөч, акылгөй атабыз Куйручуктан (Кудаберген Өмүрзак уулу) аян болуп, ошол убакыттан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин текстине сынак жарыяланып, ага Шабданбек агай катышып, жазган Гимнинин конвертинин сыртына Куйручук деп жазып почта кызматы аркылуу салып жибергени. Тагдырдын буйругу менен Шабданбек агай жазган Гимндин тексти сынактан тандалып калганы тууралуу Түгөлбек агайыбыз мындай деп жазган экен.

Кызыл-Ой элдин кулуну,

Кулунун ушул тыӊ уулу.

Куйручук колдоп арбагы,

Кыргызга кыйла угулду.

Арадан бир топ жылдар өткөн соӊ Абдыхалил Молдалы уулу (Акал атабыз) кырк жыл изилдеп жазган “Байзак баатыр” аттуу даректүү баяны менин колума тийип калды. Куйручуктун ким экенин, ошол китептен тааныдым. (Мен адис жазуучу, тарыхчы, кыргыз санжырасын чечмелей билбеген адам катары, жазгандарымдан алашемдик кетсе окурманымдан алдын ала кечирим сурайм).  Куйручуктун бүт өмүр жолу Байзак ажы менен байланышта өткөн.  Менин тар түшүнүгүмдө Байзак ажынын баш жигити болгон. Байзак ажысыз Кыргыздын  ханы Шабдан топту баштачу эмес экен, Курманжан Датка кадырлап ажы кайним деп сый-урмат көрсөтүп турган. Байзакты Куйручукту көп учурда ырчы катары дагы, көрөгөч акылман катары дагы, балбан катары дагы, сөз билги чечендиги менен дагы колдоп келген. Байзак ажы Куйручуктун бийиктигин өзүнө – “Курмучугум (эркелеткен маанайда), эгем сага ырыскыны элден жазган, сен бүгүндөн баштап мени менен болуп эл аралайсыӊ» деп, өзүнүн тобуна кошуп алган.

Шабдан Жантай уулунун өз энеси Баалы, кичи энеси Мөөр дагы саяк кызы болгондуктан, бир эсе таякелик жагын сыйлап, тереӊ акылгөйлүгүнө, кенендигине, тереӊдигине, баатырдыгына, чечкиндүүлүгүнө, кыргыз үчүн талбай канатын каккан улуу инсан атабыз Байзак ажыны тереӊ урматтап өткөн.

Куйручук атабыз карып калган учуру экен. Кыргыз совет жазуучулар союзуна  алып келишип, акын-жазуучуларды сынатканда, Алыкул Осмоновду карап, “Ап балам, сенин жолуӊду боз чалып турат, тирүүӊдө деле жакшылык көрбөйсүӊ, бирок өлгөнүӊдөн кийин арбагыӊ сыйлуу болот” деген экен.

Урматтуу окурман,  Куйручук, Шабдан, Байзак ажы, Түркмөн болуш тууралуу Шабданбек агай менен дагы 2012-жылдын июнь айында чакан чай үстүндө сүйлөшүү болгон.

Кыргыз тарых барагына азыноолак тен берип келем. Эгем кыргызга эки Шабданды берген экен. Бири — Шабдан Жантай уулу, бири — Шабданбек Кулуй уулу. Шабдан Жантай уулу орус эли кыргызга келген учурда кыргыз калкы үчүн ак кызматын өтөп кетсе, Шабданбек Кулуй уулу орус эли бизден бөлүнүп кеткен учурда,  Гимнди (Гимндин авторлорунун бири Жалил Садыков) жазып, кыргыз маданиятына эмгегин сиӊирип келди.

Уучубуз кур эмес, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жаш улан-кыздарыбыз Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин дүйнөнүн бардык жерлеринде жаӊыртып, желегин желбиретип келишет. Өзгөчө олимпиада оюндарында.

Кыргыз бар жерде Гимнибиздин жаӊырыгы өчпөйт!  Шабданбек Кулуй уулу — түбөлүк өлбөс инсан…

Жарышып мезгил менен алга умтулган,

Жарашык сезим менен чебин курган.

Жаш чырпык мугалимдик кесип менен,

Жакшыны тарбиялап өйдө учурган.

 

Бир өмүр, түбөлүккө салып изин,

Булкундуӊ, суулук чайнап, үзүп тизгин.

Сергитип көкүрөктү талант менен.

Сезимге кайрык бердиӊ сен бир үзүм.

 

Куланчы Мерген аткан жомогуӊ да,

Алас – Алас бир доордун тогоосунда.

Аралап жүрөм агай Кийик-Сайда,

Адыраӊ тентегиӊдин жолтоосунда.

 

Эл-жерди агай жазып баяндадыӊ,

Сезимдин кайрыктарын аянбадыӊ.

Сатыбек агай менен эчен жолу,

Сатира сөздөр менен айтышканыӊ.

 

Жоругун күлүп окуп Мидикеӊдин,

Врач кызга жиндене ичииркендим.

Сабадан кымыз куйган жеӊекеме,

Салмактуу ырды мен да бир шилтедим.

 

Көкөмерен жээгинен ыргак алып,

Көп жүрчүсүз таӊ эрте ойлуу басып.

Ааламга жол айылдан башталат – дейт.

Кызыл-Оюм шаӊ менен элде ырдалып.

Өчпөс болуп кеттиӊиз бир өмүрдө,

Өлбөс болуп калдыӊыз бул өмүрдө.

Он беш жолу жаралган Алыкулдай,

Боз жоргоӊуз умтулат тик өрүүдө.

 

Жараткан берет экен бул өмүрдү,

Адамзат сүрөт экен бул өмүрдү.

Жараткан жайын берсин агай сизге,

Көтөрбөскө арга жок бул өлүмдү. (Тилек ЧЕНКИЛОВ)

“Ар бир адам — бир аалам” дейт кыргыз элибиз. Шабданбек атанын ааламы — кыргыз жашап турганда кылымдарга жаңырчу Мамлекеттик гимнибиз менен эле чектелбейт. Ал аалам — ардактуу кесип агартуучулук менен жуурулушкан бай аалам. Канча деген окуучу балдар-кыздарга жаркын келечекке жол ачкан акыл ааламы, билим ааламы, көрөңгө ааламы… 

Шабданбек ата ыр да жазды, кара сөздү тизмелеп аңгеме да жазды, тарыхый улуу инсандардын өмүр жолунан баян кылып макала жазды… өмүрүнүн акырына чейин калеми менен калкка кызмат кылды… 

…атам  түшүмө кирди…түшүмө кирсе экен деп тилендим эле…” 

Атам экөөбүз кобурашып басып калат  элек.  Байлык деген алардын жаныңда жүргөнү….экен… Ушул бактылуу айымды көрүп… бүгүн ыйлап алдым. Ата деп кыйкыргым келди…

Шабданбек атанын кызы Элнура эже атасынын көзү өткөндөн бери дайыма “Фейсбуктагы” баракчасына ушундай сагынычка, кусалыкка толгон сөздөрүн жазып келет… 

Ошол жазгандарынан биринен окуп калганым, Шабданбек атанын атасы да эл кишиси болгон экен. Чоң атам Кулуй кезинде «Фрунзе» колхозунда башкарма болуп,  Исхак Разаковдун докладдарында макталып, Кремилге чейин барган инсан болгон… Чоң атам мындан тышкары согуш мезгилде комиссар болуп иштеген…

Мындай атанын уулу жөн адам болмок эмес…

Атанын кызы… Атага жакын кыз…Элнура эже жакында эле: “АТАМ Кулуев Шабданбек БҮТ ӨМҮРҮН АГАРТУУ СИСТЕМАСЫНА АРНАГАН  ИНСАН. КЫРГЫЗ Республикасынын Эл мугалими наамын алган. Мамлекет мына ушундай ак ниети менен мамлекетине кызмат кылган инсандарды кадырлаш керек. Кыргыздын сыймыктуу инсаны катары атам өрнөктүү өмүр сүрдү” деп жазды…

Ойлоп көрсөм, Эгемендиктин 20 жылдыгы, 30 жылдыгы деп ураалаганыбыз менен, ошол Эгемендиктин баа-ченемин, сыймык-даражасын көтөргөн инсандарыбыз эскерилбей, эске түшпөй деле калып кетет экен. Аларга болгон сый-урмат, кадыр-барк — мамлекет алдындагы вазийпаны Элнура эже же башка уул-кыздар эскертип отурбашы керек болчу… 

Кийинки жаңырган 2022-жылдын алгачкы эле күнү — 1-январда Шабданбек атабыз көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак экен. Андар нары бара түшсөк, Эгемен Мамлекеттик гимнибизге 30 жыл болот… Сөзүн жазган авторлордун бири деп Шабданбек атаны төргө отургузуп, кош маараке болмок… Бирок сөзүн жазган да, музыкасын жазган да залкарларыбыздын бири да жок арабызда…

Анткен менен, АЛАРДЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТАТЫКТУУ ЭСКЕРИЛИП, ТИЙИШТҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ ДЕГЕН ИШЕНИМДЕБИЗ!

Ага чейин да, андан кийин да бул боюнча дагы жазабыз…

Элнура эже, тирүүнүн иши ушул экен, бүгүн Шабданбек атаны эскерип, бейитине эстелиги коюлуп, куран окулду. Кабыл болсун! Атанын кызы катары улуттук улуулукту даңазалаган жолуңуздан тайбай келесиз… Кыргыз барда, Жалил Садыков, Насыр Давлесов, Калый Молдобасановдой алп таланттар менен аралашып жараткан Мамлекеттик гимнибиз жаңыра берет… Алар менен катар Шабданбек ата ошол саптарда жашай берет…

Тарых жазат, жашап өтсө ким эл деп,

Эл-журтунун каада-наркын түгөлдөп,

Жашадыңыз жетигендей жаркырап,

Жасадыңыз Ала-Тоого миң эмгек.

Өрнөк өмүр келе бербейт ар кимге,

Жан элеңиз жакшыларга жан бирге.

Жүрөктөрдө, аң-сезимде, акылда,

Гимн болуп жаңырасыз ар күндө! (жаш акын Бердибек Жамгырчиев Шабданбек атага арнаган ыр саптар)

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.