ВИДЕО — «Жашагым келет» деген Алиге тезинен жардам керек! Жок дегенде билет сатып алыңыздар, кыргыз элим!

ВИДЕО — «Жашагым келет» деген Алиге тезинен жардам керек! Жок дегенде билет сатып алыңыздар, кыргыз элим!

Күлүм КУРМАНОВА: «Костный мозгду трансплантациялоо үчүн 90 миң доллар керек болууда»

«Балам эртерээк сакайып, баштагыдай ойноп күлүп жүрсө экен. «Апа, мен айыгат экенминби?» — деп жүрөгүмдү оорутат. Ийнеден тажап, жаны кейип кеткенде «өлүп деле калам го» деп жүрөк чыдагыс сөздөрдү айтып, ойлонуп жатып калат. «Балам, бул ооруну жеңесин, сен айыгасыӊ, сүйлөй албай, баса албай жаткан жоксуӊ го, өзүӊ тамак иче аласыӊ, сүйлөй аласың, баарына акылыӊ жетип турат» деп жоокалатып, көңүл улап отурам. Ошондо да балам, «Качан? Кантип? Больницадан чыкпай жатсам кантип айыгам?» деп, адамды тунгуюкка алып барып такайт. «Бул оору коркунучтуу, айыкпаган, дарылануусу жок деп жатышат го, апа» деп аянычтуу мени карайт. Жайдары, оозу, мурду канабай калган кезде, чоңойгондо мушкер болом деп кыялданып жатып калат…
Бир кудайдын колундабыз. Ошенткен күндө да сиздер бизге себепчи болушуңуздарды суранабыз».

Бул Рустамов Алинин апасы Курманова Күлүмдүн «Инстраграмдагы» баракчасына жазгандары… Анын баракчасындагы соӊку жарыялаган видео-сүрөттөрдүн баары баласы Алиге арналган… Бардык видеолордо, жазгандарында ЭНЕЛИК мээрим, тынчсыздануу, балдарына болгон сүйүү жайнап турат…

Али 8 жашта, А.Молдокулов атындагы №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 2-класстын окуучусу. Бирок учурда Бишкек шаарындагы Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда. Диагнозу: апластикалык анемия (кызыл сөөк чучукта жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу). Али кайратман, тайманбас, эрктүү мүнөз эл жашаган Аксынын кичинекей кулуну, чыдамкай, кайраттуу эли бар Нарын жеринин жээни. Бул мүнөздөр Алиде да бар… Бирок ийне сайылып жаны кыйналганда кичинекей жүрөктөгү чыдамдуулук да азайып алсырай түшөт…

Ата тарабы, тай тарабы колдон келген жардамдарын аянбай жатышат. Бирок бардыгында эле чектелүү турмуш, чектелүү тиричилик…

Апасы Күлүмдүн айтымында, уулуна жогорудагы диагноз ушул жылдын 19-майында коюлган. Оору белгилери сасык тумоодон улам ачык байкалып чыккан. Али 8 айдан бери дарыланууда. Май айында мойнунан операция болгон. 12-сентябрда кайрадан ооруканага  жатып, жаагынан операция болгон. Кулагынан операция болгонуна бир жума болду. Абалы оор. Азыр донордук кан менен гана жашоо улап келет. Костный мозгду (кызыл сөөк чучугун)  трансплантациялоо үчүн 90 миң доллар керектелет. Мындай каражат ата-энеде жок болгондуктан, элден жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда…

Күлүм уулунун классындагы ата-энелер, башка класстардын ата-энелери, мугалими тынчсызданып, телефон чалып абалын сурап, колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат дейт. Аларга ыраазычылыгын биз аркылуу да айтып, бул видеодон да уксаңыздар болот…

Али: «Жашагым келет»

Күлүм кайрымдуу элден жардамдар болуп жатканын, бирок зарыл керек каражат топтолбой жаткандыктан, Бишкек шаарындагы 3 миң орундуу Спорт сарайында, 19-декабрда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышканын айтты. Билет баасы: 300 сом. 

МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт, келгиле, 8 жаштагы Алинин өмүрүн сактап калуу үчүн жабыла жардам кылалы!

Анемия бул аз кандуулук экенин баарыбыз билебиз. Аз кандуулуктун көп учурлары темирдин жетишсиздигинен келип чыгат жана оңой эле айыктырууга болот. Бирок апластикалык анемия темирдин жетишсиздигинен эмес, кызыл сөөк чучугунун жогоркудай көйгөйүнөн башталат… ага сөзсүз операция керектелет…

Кыргыз журту  эч качан жаш балдарга кайдыгер караган эмес. Жүрөктү тыңшап, акыл калчап, 100, 200, 500, 1000 сом болобу, колдон келген жардамыбызды аябайлы! Жок дегенде билет сатып алыңыздар.

Али балалыктын таттуу күндөрүн курдаштарынын арасында өткөрүп, баягыдай ооруну билбей балдар менен ойногусу, мектепте окугусу келет… Баарын сагынды… «Жашагым келет» деп жакшы адамдардын жардамына үмүт артып жашап келет…

Жашоодон үмүт үзбөй, оорусу менен чыдамдуулук, сабырдуулук менен күрөшүп келаткан Алиге жардам кылалы, кыргыз элим!

Байланыш телефону: 0702 303 135. Күлүм Курманова, Алинин апасы.

ЭлСом: 0702 303 135.

ЭлКарт: 9417039448892220

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.