Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча, алдыда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы келатат

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча, алдыда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы келатат

Бүгүн, 28-ноябрда, саат 20:00до Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады. Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына боюнча, алдыда 6 партия келатат.

Электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы боюнча, 5 % чектен  6 партия өткөн:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 16.93%

2. «Ишеним» — 13,57%

3. «Ынтымак» — 10,89%

4. «Альянс» — 8,29%

5. «Бүтүн Кыргызстан» — 6,78%

6. «Ыйман нуру» — 6,04%

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоого 21 партиядан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. 5% чектен өткөн партияларга 54 мандат,  бир мандаттуу округдарга 36 мандат берилет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.