Талас ОИИБ: «Бакытбек Чойбековго добуш салгыла деп үгүттөп жатат» деген видео териштирилүүдө»

Талас ОИИБ: «Бакытбек Чойбековго добуш салгыла деп үгүттөп жатат» деген видео териштирилүүдө»

Талас облусунда коомдук тартип көзөмөлдө

Талас облусунда парламенттик шайлоо тынч жана өз нугунда өтүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди. Алардын айтымында, Талас облусунда коомдук тартип көзөмөлдө, милиция кызматы күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө. Ар бир шайлоо тилкесине коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулуктун жана укук бузуучулуктардын алдын алуу иштерин элдик кошуундар менен биргеликте алып барышууда.

Саат 18:30 карата Талас ОИИБде шайлоого байланыштуу 3 факт катталды:

1) 28-ноябрь күнү “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу Айбек Бузурманкулов өзүнүн баракчасына бир нече видео менен сүрөт жүктөп, пост жазган. Анда “Урматтуу Талас укук коргоо органдарынын жетекчилери! Сиздерден сураныч улам-улам эл ташыган автоунааларды тыкыр көзомөлгө алсаңыздар. Мисалы, ДЭУ Матиз жана Хонда Степ сыяктуу ээлерин жана шайлоо участокторго ташылып келген жүргүнчүлөрдүн өздүгүн аныктап катуу көзөмөлгө алсаңыздар деп өтүнөм! Шайлоочуларды өз эркине коелу” деп билдирүү жасаган. Аталган факты Талас РИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, видеодо көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу такталып. Ал “Степвагон” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Б.Э. атасын, кошунасын жана жубайын шайлоого жеткирип, андан соң кайра апасын жеткирип келгендиги аныкталган. Текшерүү иштери жүрүп жатат.
2) Ал эми Талас шаарынын №6106 шайлоо участогунда “Матиз”үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 04 KG 916 ABZ болгон унаа келип, эки жаран түшүп добуш берип кетишкендиги жана кайра киши ташып келбегендиги аныкталган. Окуя боюнча кылмыштын, жоруктун жана укук бузуунун белгилери жок болгондуктан, топтолгон материал чыгышталган.
3) Ватсап тиркемеси аркылуу интернет тармактарына Талас шаарында №9 мектептеги шайлоо участогунун алдында кишилер Чойбеков Бакытбекке добуш салгыла деп үгүттөп жатат деген видео тараган. Аталган билдирүү Талас ШИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, атайын топ териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Шайлоо тилкелерин Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис кыдырып, бекитилген милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана шарттарын текшерүүгө алды. Белгиленген аймакта коомдук тартипти жогорку деңгээлде аткарууларын жана мыйзам бузуучулуктар болгон убакта кечиктирилгис ыкчам чараларды көрүү керектигин эскертти. Жер-жерлерде милиция кызматкерлери өз милдеттерин алып барышууда. Талас облустук ички иштер башкармалыгы жалпы облус аймагында коомдук абалды тыкыр көзөмөлдөп жатат.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Улан НИЯЗБЕКОВ: «Бардык маалыматтарга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрөбүз!»

8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча ички иштер органдарына 68 арыз келип түшкөнүн ИИМ министри Улан Ниязбеков брифингде билдирди. Анын айтымында, арыздардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болгон. Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө бирден факты катталган. «Бул көрсөткүчтөр акыркы көрсөткүч эмес. Түшкөн арыздар каралат. Бардык маалыматтарга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрөбүз», — деди министр.

Белгилей кетсек…

Бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты, алардын 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Талас ОИИБ: «Бакытбек Чойбековго добуш салгыла деп үгүттөп жатат» деген видео териштирилүүдө»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.