ВИДЕО — Парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын 4 партия билдирди. Аларга президент эмне деди?

ВИДЕО — Парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын 4 партия билдирди. Аларга президент эмне деди?

Парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын 4 партия (“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” , Социал-демократтар партиясы) билдирди. Алар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулуп, журналисттерге жыйын өткөрүшкөн. Анда алар добуштар бурмаланганын баса белгилеп, бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

БШК добуштарды кол менен эсептей баштады

БШК бүгүн, 29-ноябрда, саат 12:00гө карата шайлоо участкаларынан 289 протокол келип түшкөнүн, бул 11, 59 пайызды түзөрүн жана добуштарды кол менен эсептей баштаганын билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кечээ, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча, 5 пайыздык босогодон  6 партия, бир мандаттуу округдан кимдер өткөнү жарыяланган.

Баса белгилей кетчү нерсе, кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШКнын сайты эмнегедир эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде, АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайт жабылып калган. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын баса белгилеп, «эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, анда бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырам»,-деди.

Президент эмне дейт?

Бул маселе боюнча оюн президент Садыр Жапаров кечээ кечинде «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, «добуштарды уурдады» деп ызы-чуу салып жаткан партияларга айтарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт! Кол менен санап чыккыла! Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылат! Керт башы менен жооп берет! Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо, анда БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула, Кудайдан корккула!
P.S. Парламенттик шайлоо боюнча БШКнын жыйынтыктарын берип турабыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.