Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

№20 Манас бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын журналисттерге билдирди. Ал шайлоо добуш сатып алуу, одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн баса белгилеп, ал боюнча далили бар экендигин айтып, добуштарды кайра санап чыгуу талабын койду.

Ал эми Дастан Жумабеков ага коюлган айыпты четке кагып, «шайлоо таза өттү» деген пикирде…

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кечээ, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялаган. Тагырагы, АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) алдын ала жыйынтыгы чыгып, партия тизмеси боюнча, 5 пайыздык босогодон  6 партия, бир мандаттуу округдан кимдер өткөнү жарыяланган.

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабеков (13 252 добуш) менен алдыда экени, Мирлан Назарбеков 13 190 добуш алганы жарыяланган.

Учурда БШК эмне кылууда?..

БШК бүгүн, 29-ноябрда, саат 12:00гө карата шайлоо участкаларынан 289 протокол келип түшкөнүн, бул 11, 59 пайызды түзөрүн жана добуштарды кол менен эсептей баштаганын билдирген. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.

БШК шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын бермек, ал түштөн кийинкиге жылдырылды. Басма сөз кызматы маалымат жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз экенин, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Буга чейин БШК АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы экенин, добуштар эми кол менен эсептелерин, Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болорун билдирген.

Учурда БШКнын алдында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чогулуп, Шайлдабековага нааразы болгонун айтып, тынчтык митингин өткөрүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.