ВИДЕО — Бакирова ШКУ регионалдык сотторунун судьяларынын форумуна онлайн катышты

ВИДЕО — Бакирова ШКУ регионалдык сотторунун судьяларынын форумуна онлайн катышты

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Кытайдагы Циндао шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык сотторунун судьяларынын форумуна онлайн катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, форумдун ишине Чүй облусунун Административдик сотунун төрайымы Айнура Ахметова, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Галина Шин жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев катышкан.

Н.Бакирова форумда сүйлөгөн сөзүндө, Борбордук Азия мамлекеттерин гана эмес, ШКУнун бардык өлкөлөрүн кызыктырган маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу аянтчасы катары бүгүнкү Форумдун уюштурулушун жогору баалоо зарыл экендигин белгиледи. “ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун өз ара аракеттенүүсү биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. Бул убакыттын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттердин сотторунда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуулукту жана укук тартибин коргоо боюнча кызматташуунун олуттуу тажрыйбасы топтолду. Биздин мындан аркы өз ара аракеттерибиз, албетте, мамлекеттерибиздин сот системасын өркүндөтүү максатында ишенимди жана жакшы коңшулаштык мамилелерди чыңдоого өбөлгө болот деп ишендиргим келет,”- деп билдирди төрайым.

Белгилей кетүүчү жагдай, форумга Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Вламирир Норов, ошондой эле Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия Федерациясы, Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку сотторунун төрагалары жана судьялар катышышат.

 Форумдун темасы “ШКУнун алкагында аймактык соттордун ортосундагы соттук кызматташтыкты тереңдетүү”. Иш чара  29-30-ноябрга чейин болуп, күн тартибинде беш маселе каралат. Алар чек арадагы сооданы жана инвестицияны соттук коргоо, негизги ыкма катары талаш-тартыштарды сотсуз чечүү менен диверсификацияланган механизми,  ШКУ өлкөлөрүндө арбитраждык жана соттук чечимдерди таануу жана аткаруу, үй-бүлөлүк сот өндүрүшүн реформалоо жана өнүктүрүү, ошондой эле салттуу соттук териштирүүнү онлайнга айландыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.