ВИДЕО — Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор БШК алдына чогулуп, талаптарын айтышууда…

ВИДЕО — Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор БШК алдына чогулуп, талаптарын айтышууда…

28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чогулуп, шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгышын талап кылып жатышат.

Парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын буга чейин 4 партия (“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги”, Социал-демократтар партиясы) билдирген. Алар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулуп, журналисттерге жыйын өткөрүп, добуштар бурмаланганын баса белгилеп, бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Баса белгилей кетчү нерсе, кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калды. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын айтып, «эгер шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, анда бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырам» деди. БШКнын ушундай мамилесинен улам, шайлоонун таза өткөнүнөн эл чындап күмөн санап калышты…

Анткен менен «системаны үзгүлтүккө учуратуу атайын кылынган иш, бийлик «каалабаган» партияларды, «мына, кол санактан деле өтпөй калдыңар» деген жүйө менен өткөрбөй коюу да пландалган иштин бири» деп  жатышат айрымдар…

Пендебиз, дей беребиз, ак-кара ишибизди бир Кудай таала гана билет… Бул шайлоого жооптуулар кандай амал кылышса да, «кыңыр иш кырк жылда да билинет»…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.