ВИДЕО — Абдыкадыров, Бузурманкулов, Жунусбеков шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дешти

ВИДЕО — Абдыкадыров, Бузурманкулов, Жунусбеков шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дешти

Шайлоонун «шайтан оюндары» элди кайра көтөрдү…

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, БШК АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) алдын ала жыйынтыгын чыгарып, партия тизмеси боюнча, 5 пайыздык босогодон 6 партия, бир мандаттуу округдардан кимдер өткөнүн жарыялаган.

БШКнын баштапкы жыйынтыгына ошол эле күнү шайлоочулар да. талапкерлер да нааразы болушту. Күндөн күнгө нааразычылык акциясына чыккандардын саны көбөйө баштады…

Бүгүн, 30-ноябрда, №21 Талас бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкерлер: Эмилбек Абдыкадыров, Төрөхан Жунусбеков, Айбек Бузурманкулов парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу алар жакын арада маалымат жыйынын беришерин кошумчалашты.

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Таласта таза шайлоо өткөн жок»

Айбек Бузурманкуловдун айтымында, Таласта таза шайлоо өткөн жок. Массалык киши ташуулар, башка да мыйзам бузуулар болгон. Айбек Таластагы шайлоо жүрүшү, жыйынтыгы тууралуу жана кайра шайлоо өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды:

Төрөхан Жунусбековдун айтымында, бийлик тараптан шайлоо таза өттү, талапкерлер тараптан таза өткөн жок. Таза өтпөгөнү боюнча аларда далилдер бар. Ал боюнча Талас ОИИБге да кайрылган.

Динара САРНОГОЕВА: «Төрөхан Жунусбековдун кайрылуусу катталган, ал эми Айбек Бузурманкуловго убагында жооп бергенбиз»

Талапкер Төрөхан Жунусбековдун жогоруда айткандары боюнча Талас ОИИБ басма сөз кызматынын ага инспектору Динара Сарногоеванын айтымында, Төрөхан Жунусбековдун кайрылуусу Талас ОИИБде катталган.

Ушул жана башка ушул сыяктуу бардык даттануулар, арыздар, кайрылуулар учурда каралып жатыптыр, айрымдарына учурунда жооп беришиптир.

Мисалы Айбек Бузурманкуловдун кайрылуусу боюнча убагында жооп беришкен. «28-ноябрда Айбек Бузурманкулов өзүнүн баракчасына бир нече видео менен сүрөт жүктөп, пост калтырган. Аталган факт Талас РИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, видеодо көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу такталган», — дейт Д. Сарногоева. Толугураак жообун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Шайлоочуларды, талапкерлерди козгогон АСУ…

Баса белгилей кетчү нерсе, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калды. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын айтып, «эгер шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, анда бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырам» деди. БШКнын адаттагыдай «болуп келген, боло берет» дегендей мамилеси, айрым шайлоо тилкелеринде автоматтык эсептөө урналары добуш берүү маалында эле иштебей калганы жана шайлоо жыйынтыгында системанын жалпы жабылып калганы элде, талапкерлерде күмөндү, шек саноону күчөттү…

Анткен менен «системаны үзгүлтүккө учуратуу атайын кылынган иш, бийлик «каалабаган» партияларды, «мына, кол санактан деле өтпөй калдыңар» деген жүйө менен өткөрбөй коюу да пландалган иштин бири» деп жатышат айрымдар…

Таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Кыскасы, БШК да, бийлик да, чынында, эмне болгонун түшүндүрө албай жатат. Шайлоону өткөрүүгө кыйыр да, түз да катышы бар “кызмат адамдарынын” ар кыл дөдөмөл-божомол, жоромолду айтып чыккандары бурмалоолордон шек саноону арбытты. Маселен, Шайлдабекова алгач башында: “Ар бир урнада шайлоочулар добушун санаган программалаштырылган система бар. Ал абдан көп маалыматты камтыйт. Сайтка алгач башка программаны жүктөп алышыптыр” деген жүйөнү айтып чыкты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “болжол менен 20 өлкөдөн жасалган хакерлердин чабуулу экен, эксперттер айтышты, сервер коргоосу мыктылыгынан эле аман калыптыр” деп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (азыркылардын кызматтарын айта берип тил сына турган болду) Эдил Байсалов: “Кайдагы хакерлер?! үзгүлтүк да болгон жок. Сервер да, система да кадимки шартта иштеп жатты. Жарыя кылуу таблицалардын бириндеги формуладагы болбогон катачылык” деп Twitterдеги баракчасына жазды. Кийин башкасын айтып чыкты…

Пендебиз, дей беребиз, ак-кара ишибизди бир гана Кудай билет… Бул шайлоого жооптуулар кандай амал кылышса да, «кыңыр иш кырк жылда да билинет»… балким андан да эрте…

Кызыгы, бийлик жооп тапканча, айрым маалымат каражаттары «Бийликтин актануусу ъчън дагы кандай божомолдор бар?» деп элден  сурамжылоону баштап коюшуптур…

Чын эле… АСУнун иштебей калышынын себеби…

Балким, кадырман окурмандарда башка да жоромол-божомолдор бар…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. БШКнын бир адисинин шалаакылыгынан улам мүчүлүштүк кеткенин, ошол адистин айрым адамдар менен байланышы жокпу деген маселе боюнча УКМК териштирүү иштерин баштаганын президент Садыр Жапаров билдирди. Толугун бир аздан соң окуй аласыздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.