Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери иштен алынды. Алар шайлоо күнү тартип бузган…

Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери иштен алынды. Алар шайлоо күнү тартип бузган…

Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда, билдирди.

Алардын маалыматында: «28-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери тарабынан ИИОнун кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын улук лейтенанты О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. кызматтык тартипти бузуп, аларга бекитилген аймактык шайлоо тилкесинде мас абалында жүргөндөрү аныкталганын маалымдайбыз. Кант шаарынын аймактык ооруканасына медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, мас абалында экендиги тастыкталгынан улам, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери кызматтан четтетилди» деп жазылган.

Андан сырткары, Чүй ОИИББ, Ысык-Ата РИИБдин бир топ жетекчилери да жоопкерчиликке тартылган.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо күнү (28-ноябрда) коомдук тартипти камсыздоо үчүн кызмат өтөп жаткан эки милиция кызматкери Ысык-Ата районунда жайгашкан аймактык шайлоо тилкелеринин биринин жанында мас абалында болгон видео социалдык тармактарга тараган.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.